www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль Газа тилкеси менен тынчтыкка баруу үчүн үч шартты атады. Алар — Палестина коомун «дерадикализациялоо», Газа тилкесин демилитаризациялоо жана палестиналык «ХАМАС» тобунун жок кылынышы. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «Wall Street Journal» гезитиндеги макаласында билдирди.

«Мектеп балдарды өлүмгө эмес, жашоону баалоого үйрөтүшү керек, ал эми имамдар жөөттөрдү өлтүрүү боюнча үгүт иштерин токтотушу керек. Палестиналыктар терроризмди каржылоонун ордуна, терроризмге каршы күрөштү колдошу керек», - деди Нетаньяху.

Ал Германия менен Жапония экинчи дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин башынан өткөргөн «дерадикализация» тажрыйбасын эске салып, бул өлкөлөр азыр Евразиядагы тынчтык менен гүлдөп-өнүгүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.

Нетаньяху кошумчалагандай, Израиль карапайым калктын жоготууларын минималдаштыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаса, «ХАМАС» палестиналыктарга коркунуч жаратуу үчүн бардыгын жасайт. Согуш бүтүшүнө көп бар, деп билдирди Нетаньяху.

«Баары менден бир гана нерсени сурашты: биз токтоп калбайбыз жана акырына чейин бара беребиз», - деди ал Газа тилкесинде израилдик аскерлер менен жолугушуу учурунда. Премьер-министр декабрь айынын аягында эксклавда согуштук аракеттерди кеңейтүүнү жарыялаган.

Палестина тараптын акыркы маалыматтарына караганда, 7-октябрдан бери Газа тилкесинде 20 миңден ашуун адам набыт болуп, 53 миңден ашуун адам жараат алды. Согушта Израиль тараптан 1,3 миңге жакын адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости