www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль Газада 5379 студентти өлтүрдү

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израил армиясынын Газа тилкесиндеги чабуулдарынын натыйжасында 5 миң 379 студент каза болду. Бул тууралуу ТРТ билдирди.

Палестинанын билим берүү министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин Газа жана Батыш Шериада бир нече айга созулган кол салууларында каза болгон жана жараланган окуучулардын саны тууралуу маалымат берилди.

Израилдин секторду 144 күндөн бери бомбалоосунан 5 миң 379 студент каза болуп, 8 миң 888 окуучу жараланды.

Израилдик аскерлер 7-октябрдан бери басып алган Батыш Шериада 48 студентти өлтүрүп, 305 кишини жарадар кылып, 97 студентти туткунга алганы кабарланууда.

Газада 255 мугалим жана тарбиячы каза болуп, 891 киши жараланды, Батыш Шериада 6 билим берүү кызматкери жараланып, 73 кызматкер туткунга алынды.

Израил армиясынын Газа тилкесиндеги 351 мектепти бомбалаганы жана алардын 65инин Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттиги менен байланышы болгондугу белгиленди.

Ошондой эле Газада 40 мектеп толугу менен талкаланып, 111 мектеп Израилдин бомбалоолору учурунда олуттуу зыянга учураган, басып алынган Батыш Шериада 57 мектеп рейдге алынган.

Билдирүүдө Израилдин кол салууларынан улам 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде 620 миң студенттин билиминен ажыратылганы да белгиленди.

Израилдин ушул убакка чейин 29 миң 878 палестиналыкты, анын ичинде 12 миң 660 бала жана 8 миң 570 аял өлтүргөнү айтылат. 70 миң 215 адам жаракат алганы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости