www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандык коргонуу директорлугунун катчысы Махмуд Басал социалдык медиадан видео билдирүүсүндө Израил армиясынын Газанын түндүгүндө болжол менен 3 жумадагы кол салууларынан эң аз 1000 кишинин каза болгонун айтты. Бул тууралуу трт.нет жазды.
Басал, Жибалия, Бейт Ханун жана Бейт Лахияда эң аз 100 миң кишинин блокадага жана кол салууларга дуушар болгонун, 100 миң кишинин Газа шаарына сүргүнгө чыгарылганын белгиледи.
Израиль армиясынын Газанын түндүгүндө блокададагы палестиналыктарга жардам алып келүүгө аракет кылгандардын баарын өлтүргөнүн белгилеген Басал, Израилдин эл аралык коомчулуктун унчукпаганан пайдланыпГазанын түндүгүндө «этникалык жок кылуу» саясатын ишке ашырып жатканын белгиледи.
Басал эл аралык мекемелерден Газанын түндүгүндөгү палестиналыктарды куткаруу үчүн тез арада чара көрүүнү суранды. Бир тараптан Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кол салууларынан каза болгон журналисттердин саны 5ке жетти.
Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясында 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израиль армиясынын кол салуусуна дуушар болгон Газа тилкесинде шейит болгон журналисттерге байланыштуу маалымат берилди.
Алып баруучу жана программанын продюсери Надя Имад аль-Сейид менен радио каналдарында журналист болуп иштеген Абдуррахман Семир ат-Тананинин Израил күчтөрүнүн кол салуусунда каза болгондугу белгиленди.
Ошентип Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан бир күндө 5 журналист каза болду.
Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндө 3 жумадан бери уланткан кол салууларында кеминде 1000 палестиналык каза болду.