www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Греция заманбап тарыхындагы эң ири аскердик келишимдердин бирин – 3 миллиард евро көлөмүндөгү «Ахиллдин калканы» долбоорун жактырууга даярданууда.

Долбоордун негизги өзгөчөлүгү – Израилден жаңы курал-жарак сатып алуу менен чектелбестен, бардык жаңы жана учурдагы коргонуу системаларын бирдиктүү тармакка интеграциялоо.

Анын алкагында Грекия Израилдин Barak MX, David’s Sling жана SPYDER абадан коргонуу комплекстерин өлкөдөгү F-35 жана F-16 истребителдери, Belharra фрегаттары жана Patriot системалары менен бириктирет.

Бул системалардын баары бирдиктүү башкаруу борборуна туташтырылып, баллистикалык жана канаттуу ракеталарды, согуштук учактарды жана дрондордун топтук чабуулдарын тосуп калууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоор Жер Ортолук деңиз аймагында көп катмарлуу заманбап абадан коргонуу калканын түзүүгө багытталган.

Последние новости