www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль гуманитардык жардам унаасына кол салды

Кечээ, 3-мартта израилдик аскерлер Газа тилкесинин борборунда гуманитардык жүк ташыган унаага кол салып, 9 киши каза таап, ондогон адамдар жарадар болгон. Бул тууралуу “Аль-Жазира” кабарлады.

Медициналык булактардын жана күбөлөрдүн айтымында, Газа тилкесинин борборундагы Дейр-Балах шаарында гуманитардык жардам ташыган унаа Израил тарабынан атылды.

Атын атагысы келбеген күбө кечээ, 3-мартта каргашалуу ракеталык чабуулду суу кудугуна баратканда көргөнүн айтты.

«Жүк ташуучу унаалар гуманитардык жардам алып бара жаткан. Анын ичинде ыктыярдуу жарандар да болгон. Алар Газанын жер которгон калкына азык-түлүк алып келип жатышты. Алар Дейр аль-Балах коопсуз аймак экенин айтышты», - деди күбө.

Израил армиясы азырынча комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, 29-февралда Израилдин Газа тилкесинде гуманитардык жардам күтүп жаткан палестиналыктарга кол салуусунун натыйжасында 100дөн ашуун адам каза болгон. БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШнын каршылыгынан улам бул абал үчүн Израил армиясын айыптаган билдирүүнү кабыл ала алган жок.

Последние новости