www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилде сот реформасына каршы нааразылык акциялар күчөп жатат. Өлкө боюнча он миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Митингдер түнү да уланганын МИР 24 агенттиги билдирди.

40ка жакын активист камакка алынып, ондон ашык полиция кызматкери жаракат алды. Эң чоң акциялардын бири Тель-Авивде болуп, укук коргоо кызматкерлери чогулган элди араң тынчытышты. Анда суу аткычтар, үн чыгаргыч гранаталар, таякчалар колдонулду. Демонстранттар от жагып, ири магистралдарды тосууга аракет кылышты.

Оппозиция жыл башынан бери сот реформасына каршы миңдеген митингдерди өткөрүүдө.

Нааразылык акцияларынын азыркы толкуну дүйшөмбү күнү сот боюнча мыйзам долбоору жактырылгандан кийин башталды. Бул укуктук доктрина сотторго өкмөттүн чечимдерин жокко чыгарууга мүмкүндүк берген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости