www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин аскердик-саясий кабинети негизги мыйзамдын "40 Алеф" пунктун киргизүүгө добуш берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган пункт расмий түрдө согуш жарыялоону билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, акыркы жолу Израиль "40 Алеф" пунктун 1973-жылы "Акырет күндүн согушу" учурунда колдонгон.
Ишемби күнү эртең менен Израиль Газа секторунан буга чейин болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга дуушар болгон. Израиль армиясынын маалымат кызматы 3 миңден ашуун ракета атылып, чек ара райондоруна ХАМАСтын согушкерлери кирип барганын билдирди.
Палестинанын ХАМАС кыймылынын аскердик канаты ишемби күнү Израилге каршы "Потоп Аль-Аксы" деп аталган операция жүргүзүп жатканын жар салган. Израиль армиясы Газа секторунда ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямиин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизация жүрөрүн билдирген.
"Аль-Кассам" (ХАМАСтын аскер канаты) бригадалары израилдик жоокерлер менен офицерлерди туткунга алганын айтууда.
Булак: NazarNews.kg