www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль расмий түрдө Сомалиленди көз карандысыз мамлекет катары тааныганын жарыялады. Бул чечим Сомали жана аймактагы башка мамлекеттер тарабынан кескин сынга кабылды.

Сомалиленд – Британиянын Сомали колониясынын аймагында жайгашкан 1991-жылы өз алдынча мамлекет деп жарыяланган аймак. Ошондон бери ал де-факто автономиялык статуска ээ болуп, өзүнүн валютасы, армиясы жана полициясы бар. Сомалиленд салыштырмалуу туруктуулугу менен белгилүү. Ал эми калган Сомали аймагында «Аш-Шабаб» радикал кыймылы жана саясий туруктуулуктун жоктугу менен байланышкан көйгөйлөр бар.

Сомалиленд азырынча дүйнө жүзүндө бир дагы мамлекет тарабынан расмий таанылган эмес. Бирок анын стратегиялык орду – Баб-эль-Мандеб проливи аркылуу Индия океанынан Суэц каналына чыгышы эл аралык соода жана аскердик жагынан маанилүү.

Израильдин тышкы иштер министри Гидеон Саар билдиргендей, Тель-Авив Сомалилендин менен толук дипломатиялык байланыштарды, анын ичинде элчилерди дайындоо жана элчиликтерди ачуу боюнча иштерди баштайт. Сомалилендин президенти Мохамед Абдуллахи (Ирро) бул күндү “тарыхта алтын баракча” деп баалады.

Сомали бийлиги Израильдин чечимин “мамлекеттик суверенитетке атайылап кол салуу” деп сыпаттап, Африка түштүгүндөгү, Красное море жана Аден булуңундагы, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы саясий жана коопсуздук кырдаалын курчутат деп эскертти.

Египет, Түркия, Джибути, ошондой эле араб мамлекеттеринин жана Африка союзунун уюмдары да Израильдин чечимин сынга алышты. АКШ президенти Дональд Трамп бул маселе боюнча билдирүү жасап, Сомалиленди таануу боюнча сунуштарга ынтызар эместигин, ал өлкөнү жакшы билбегенин айтып өттү.

Последние новости