www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендин Пидап участкасындагы газдын кору изилденет. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында, Кадамжай районунун Актурпак айыл аймагына караштуу Өрүк-Зар айылына жакын жайгашкан Пидап участкасындагы пайдаланылбай турган газ скважиналары жайгашкан аймакка барган.

Жеринде район акими Болот Баяке уулуна, аймакта газдын запасын аныктоо боюнча иш чараларды жүргүзүү, тийиштүү министрликтерге изилдөө жүргүзүү боюнча сунуш каттарды жиберүүнү, адистер менен бирге иш алып барууну тапшырган.

Белгилей кетсек, аталган аймакта 2007-2014-жылдар аралыганда, Кытай компаниясы тарабынан мунайгаз чыккан жерлерди изилдөө, чалгындоо жана бургулоо боюнча геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок ири суммадагы каражат керектелгендиктен, иш токтоп калган. Бүгүнкү күндө аймактагы газдын кору боюнча так маалымат жок.