www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жол-транспорт тармагында акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй өсүш байкалган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду, ошондой эле эл аралык коридорлорду оңдоону приоритет катары карап, 2025-жылы 1545 чакырым жол салып, рекорддук көрсөткүчкө жеткенин маалымдады.
Расмий маалыматка ылайык, жол куруунун көлөмү жыл сайын туруктуу өсүп келүүдө:
2021-жылы – 175 км,
2022-жылы – 488 км,
2023-жылы – 673 км,
2024-жылы – 802 км, 2025-жылы бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге көбөйдү.
Мындай натыйжа өлкө жетекчилигинин колдоосу менен жол тармагына бөлүнгөн бюджеттик каражаттын көбөйүшү жана ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашышы менен байланыштуу. Алардын ичинен Барскоон–Бедел улуттук жол долбоору өзгөчө мааниге ээ. Кытай менен түз транспорттук байланыш түзгөн бул коридор өлкөнүн өз каражатынын эсебинен курулуп жатат.
Бишкек шаарынын айланасында жол тыгындарын азайтуу максатында эски, тар жолдор кеңейтилип, алты тилкелүү трассалар жана эки деңгээлдүү жол түйүндөрү курулууда. Ошол эле учурда Лебединовка–ГЭС-5, Бишкек–Кант, Бишкек–Күнтуу–Шопоков унаа жолдору реконструкциядан өтүүдө.
Эгемендүүлүк тарыхында алгач ирет мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол, Нарын–Баетов, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка, Бишкек–Ош жолунун Суусамыр тилкеси сыяктуу ири объектилер салынууда. Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда да кошумча курулмалар бүткөрүлүп жатат.
Мындан тышкары, быйыл бир катар маанилүү жолдор пайдаланууга берилди. Өзгөн–Мырзаке–Кара-Кулжа жолунун 33 чакырымы кыска мөөнөттө капиталдык оңдолуп, Ош–Баткен–Раззаков жолу толук бүткөрүлдү. Түп–Кеген жолу жана Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү да жаңыланып ачылды.
Жол куруудагы ийгиликтер техникалык базанын чыңдалышы менен да шартталууда. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен алынган жаңы техникалар аймактарга бөлүштүрүлүп, алыскы айылдарга чейин жол жеткирүү максаты ишке ашууда. Анын айкын мисалы – Баткен облусунун бийик тоолуу Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу.
Ошол эле учурда туризмди өнүктүрүү үчүн туристтик аймактарга барчу жолдор да активдүү оңдолууда. Арстанбап, Сары-Челек, Каракол лыжа базасы, Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар жана бир катар жайлоолорго баруучу жолдор жакшыртылып, айрымдары учурда курулуп жатат.
Эксперттердин баамында, жол-транспорт тармагындагы бул өсүш экономикалык өнүгүүнүн, региондордун байланышынын жана туризмдин жанданышынын негизги фактору болуп калууда.