www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси өлкөдө согуштук абал жарыяланганын билдирди.

Ушул тапта Израилдин аскерлери ХАМАСтын жоочулары менен өлкөнүн түштүгүндө кармашып жатат. Бир нече израилдик маалымат каражаттары ХАМАСтын Израилге кол салуусунан дээрлик 600 киши каза болгонун жазды. 2000 киши жараат алганы айтылууда.Палестина автономиясынын бийлиги Газа секторунда 300дөн ашуун киши каза болгонун билдирди. Бирок алардын канчоо жай тургун жана жоочулар экени белгисиз.

ХАМАСтын жоочулары аялдар, балдар жана карыларды барымтага алып, Израил кармап турган миңдеген палестиналык туткундарга алмаштырууга аракет кылары кабарланууда.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болду. Ишемби күнү ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган.

Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана бир катар мамлекет ХАМАСтын чабуулун айыптаган билдирүү жасашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости