www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Согуш башталгандан бери Газа тилкесинен жалпы 4 кыргызстандык эвакуацияланды. Бүгүнкү күндө Палестинада Кыргызстандын элчилиги жок болгонуна байланыштуу Казакстан, Орусиянын жардамы менен кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштери жүрүүдө. Тышкы иштер министри  Жээнбек Кулубаев: 

«Согуш башталгандан бери биздин дипломаттар Израилдин жана Палестинанын өкмөттөрүнө кайрылганбыз. Эгер биздин жарандар болсо, чыгарып кетүүгө жардам бергиле деп. Кайрылгандар болсо, биз аларды таап, чыгарууга аракет кылабыз. Казакстан менен Орусия жарандарын мекенине кайтарып жатышат. Алар менен да сүйлөшүп, биздин жарандар болсо, алып чыгууга жардам бергиле дедик. Бирок кайрылгандар көп болгон жок. Ошондуктан төрт эле жаран чыкты. Алар мурун ошол жакка турмушка чыгып, жашап калышкан экен. Израилде жашап жаткан кыргызстандыктардын баарына кабар берилген. Бирок алар өздөрүн коопсуз сезишкендиктен, баш тартышты. Азыркы учурда да бул боюнча иштер жүрүп жатат».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости