www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин Газа тилкесинде 2023-жылдын 7-октябрынан бери уланып жаткан агрессиясынын натыйжасында набыт болгон палестиналыктардын саны 32 миң 845ке жетип, 75 миң 392 киши жаракат алды. Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газа тилкесиндеги өкүлү Ашраф аль-Кудра билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, акыркы суткада анклавдан дагы 63 жаран каза болуп, 94ү жарадар болгон.

Маалыматта каза болгондордун денелери дагы эле кыйраган имараттардын урандыларынын астында жана жол жээктеринде жатканы белгиленген. Тез жардам жана жарандык коргонуу топтору Израил күчтөрүнүн тосмолорунан улам аларга жете албай жатат.

Белгилей кетсек, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) басма сөз катчысы Жеймс Элдер блокададагы Газа тилкесинде болуп жаткан окуялар балдарга каршы согуш экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости