www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа тилкесин толугу менен блокадалоого буйрук берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Мен Газа тилкесин толук блокадага алуу боюнча буйрук бердим. Электр жарыгы, тамак-аш, газ жок, баары жабык", - дейт Коргоо министрлигинин башчысы.

Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Израилге Газа тилкесин башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы массалык ракеталык сокку урган. Буга жооп кылып, Иерусалим антитеррордук "Железные мечи" операциясын баштаган. Анын биринчи фазасы 8-октябрга караган түнү аяктаган.

Чыр-чатактын күчөшүнүн натыйжасында израилдик тургундардын каза болгондорунун саны 700дөн ашты.Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Израилдин Газа тилкесиндеги соккуларынан курман болгондордун саны 400дөн ашты.

Палестиналык аскерлер жүздөн ашуун израилдикти, анын ичинде жогорку даражалуу аскер кызматкерлерин туткунга алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости