www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газа секторунда ок атышууну токтотуу боюнча келишимге расмий түрдө кол койулганы айтылды. Бул тууралуу ТЕЛЬ-АВИВге таянып, ТАСС жазды.

Израилдин премьер-министринин канцеляриясынын маалыматына таянсак, келишимди бекитүү үчүн коопсуздук министрлер кабинети чакырылат, андан кийин өкмөттүн жыйыны өтөт.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун канцеляриясы Израиль, палестиналык ХАМАС кыймылы, АКШ жана Катар ортосунда барымтадагыларды бошотуу жана Газа секторунда ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлганын ырастады. Бул тууралуу The Jerusalem Post гезити билдирген.
Маалыматка ылайык, келишимди бекитүү үчүн коопсуздук министрлер кабинети чакырылат, андан кийин өкмөттүн жыйыны өтөт. Добуш берүү 18-январда болот.

Белгиленгендей, добуш берүүнүн жылдырылышынан улам, келишимдин алкагында алгачкы үч туткунду бошотуу 20-январга жылдырылат. Кармоо себептери катары сүйлөшүүлөрдүн аягында ХАМАС менен болгон пикир келишпестиктер көрсөтүлгөн.

Израилдик “Walla” жаңылыктар порталынын маалыматына караганда, Нетаньяхуга сүйлөшүү тобунун 16-январда кечинде Дохада барымтадагыларды бошотуу жана Газа секторунда ок атышууну токтотуу боюнча келишимге расмий түрдө кол койгону жөнүндө кабар берилген.

Последние новости