www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үйдөн иштөөгө сонун кеңештер

Үй шартында онлайн иштөө – албетте учурдун талабы жана аны менен кошо адамдарга ыңгайлуулук жаратып жаткан кез. Төмөнкү кеңештер сизге жардамчы болмокчу.

Өзүңүз каалаган маанайда ойгонууга толук мүмкүнчүлүк бар

Эртең менен душка түшүп эле сыртка убактыңыз болбой, дароо компьютерге отурууга шашасыз. А бирок мындай кылган туура эмес. Мунун ордуна эртең менен эрте туруп, китеп окуп, йога, медитация жана денени чыңалтып спорт менен машыкканга убакыт бөлүңүз.

Кийимге көңүл бөлүңүз

Таң эрте ойгонуп эле дароо пижамачан иш ордуңузга отурбаңыз. Маанайыңызды көтөрүү үчүн өзүңүзгө ыңгайлуу, жарашыктуу кийим кийип алыңыз.

Бир күнүңүздү пландаңыз

Бир күн мурун “эртең эмнелерди аткарам?” деген темада ой жүгүртүп, иш планыңызды түзүп алыңыз.

Иш ордун даярдап алыңыз

Үйүңүздүн бир бурчуна өзүңүзгө ылайыктуу иш орундук даярдап алыңыз

Баарлашууну дагы унутпаңыз

Жаңыдан жумуш баштагандарга бир күн бою компьютерде отуруу кыйын. Андыктан аралыкта өзүңүздүн көңүлүңүзгө жаккан адамдар менен баарлашып туруңуз!

Булак: Азия News гезити

Последние новости