www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ АКШнын Йеменге жасалган чабуулуна түйшөлүп, согуш отун жандырбоого, сабырдуулукка чакырууда. Бул туурасында аталган уюмдун баш катчысынын кеңсесинен билдиришкендигин РИА Новости жазды.

Ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын Йемендеги "Ансар Алла" (хуситтер) кыймылына каршы ири масштабдуу операция баштоого буйрук бергени маалым болгон. Ал муну менен катар эле Иранды хуситтерди колдобоого жана "америка элине, анын президентине" сөөмөй кезебөөгө чакырган.

Өлкөнүн Борборук командачылыгы бул аракеттер америкалыктардын кызыкчылыгын коргоо үчүн жасалып жатканын белгилеген.

"Кошмо Штаттардын Йемендин хуситтер көзөмөл кылган райондоруна бир түндө үстү-үстүнө чабуул коюшуна тынчсызданып жатабыз. Мунун кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алганы боюнча кабарлар келип түшүүдө. Андан сырткары, хуситтердин Кызыл деңиздеги кемелерге кол салуусун жандантуу боюнча айткандарына түйшөлүп турабыз", — деген башкы катчынын өкүлү Стефан Дюжаррик.

БУУнун баш катчысынын кеңсесинен тараптарды сабырдуулукка жана согуш отун жандырбоого чакырып, тирешүү аймактагы чыңалууну күчөтөрүн жана Йемендеги кырдаалды курчутарын эскертишти.

Последние новости