www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Йемендеги хуситтердин согуштук тобу 16-мартта америкалык <<USS Harry S. Truman» учактар конуучу кемесине жана аны коштогон кемелерге абадан чабуул жасалганын билдирди. Бул тууралуу кыймылдын аскердик канатынын өкүлү Яхья Сариа өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Хуситтердин айтымында, бул чабуулга 18 баллистикалык, канаттуу ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар колдонулган.
«Йемендин куралдуу күчтөрү биздин өлкөгө каршы агрессияга жооп катары Кызыл деңиздеги жана Араб деңизиндеги бардык америкалык согуштук кемелерге сокку уруудан чегинбейт», - деген өкүл.
Буга чейин Дональд Трамп АКШ Йемендеги хуситтерге карата авиа чабуул баштаганын жарыялаган. Ал бул чечим хуситтердин АКШНЫН Кызыл деңиздеги кемелерине кол салуусуна жооп катары кабыл алынганын белгилеген. Аталган аймак дүйнө жүзү боюнча мун жана күйүүчү май ташуунун маанилүү объектиси катары эсептелет.
Чабуулда 19 адам каза таап, 11 адам жаракат алгандыгы кабарланган.
Хуситтер Иран тарабынан каржылынган, Израилди душманы санаган жана Йемендин борбору Сана менен өлкөнүн түндүк-батышын көзөмөлдөгөн, бирок дүйнө мамлекеттери тарабынан таанылбаган кыймыл.
Трамп эгер Иран хуситтерди каржылоону токтотпосо, Тегеранга карата чара көрүлөрүн билдирген.
Хуситтер Израиль менен «ХАМАСТын» ортосундагы чатакта, акыркысын колдоп, Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу өткөн кемелерди ракета жана дрондор менен аткылап турган. АКШнын расмий өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, хуситтер 2023-жылдын ноябрь айынан 2024-жылдын октябрь айына чейин Кызыл деңизде 190 жолу кол салуу уюштурган.