www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Актөбе шаарында 4 жашар баланын атасы тарабынан өлтүрүлүшү боюнча сот өкүм чыгарганын казак маалымат каражаттары маалымдайт.

Буга чейин соттолуучу Артур Ахунов акыркы сөзүндө балдардын апасы баңгизатын колдонуп, акча талап кылып жатканын айткан. Бирок ал соттон аны күнөөсүз деп табууну өтүнгөн.

Жазык иштери боюнча адистештирилген сот Артур Ахуновду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.

Өкүм жарыялангандан кийин Ахунов үн чыгарган эмес.

Ал эми Артур Ахуновдун апасы соттун өкүмү чыккандан кийин: " Менин азыр неберелеримди ойлогонго чамам жок. Мен уулумду сактап калышым керек. Албетте, экөөнө бирдей боорум ооруп жатат. Өмүр бою эркинен ажыратылып жатса, уулумдун неберелериме эмне кереги бар?! Үйгө балээ алып келген мындай неберелердин мага эмне кереги бар?! Балдарды баңги апасы таштап салды, уулум аларды өзүнө камкордукка алды", - деген пикирин билдирген.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-декабрында Актөбе төрөт үйүндө Данил, Максим жана Алина аттуу үч эм төрөлгөн. Кубанычтуу окуя массалык маалымат каражаттарында чагылдырылып, үч эмдин апасы шаардын мэри келип, аларга батир убада кылганын билдирген. 2021-жылы үч эмдин апасы ата-энелик укуктан ажыратылып, бир туугандар "Үмүт" балдар үйүнө берилген. 2022-жылдын 9-февралында соттолуучу Артур Ахунов сотко кайрылып, балдардын биологиялык атасы экенин жана аларды өзүнө алгысы келерин айткан. Соттун жана Камкорчулар кеңешинин 2022-жылдын ноябрь айындагы чечими менен балдар атасына өтүп, фамилияларын өзгөртүшкөн.

Сотто белгилүү болгондой, алар ижарага алынган батирде жашаган. Атасы  уулунун жоругуна кыжырданып баланы бир нече жолу урганда ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Адам өлтүргөндөн кийин Артур Ахунов экскаватор жалдап, курулуш таштандылары үчүн чуңкур казып берүүнү суранып, ага өлтүрүлгөн уулун көмүп койгон. Бир нече күндөн кийин уулу дайынсыз болуп жатканын айтып арыз жазган.

Ал эми өткөн жылдын декабрь айында ыктыярчылар менен полиция 4 жашар Данилди издөөгө алышкан, анын туугандарынын айтымында, ал чоң энесинин үйүнүн короосунан жоголуп кеткен. Шаардын бардык жерине баланын сүрөтү илинген. Эки күндөн кийин баланын жансыз денеси чуңкурдан табылган.

Артур Ахуновго Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренесинин 3-бөлүгү “Жашы жете элек алсыз абалдагы баланы өлтүрүү” боюнча айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости