www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хатлон облусундагы Вахш районунун бийлиги жаш жубайлар Шарифбек Зиёев менен Гулхавас Шоеванын өлүмү тууралуу маалымат берип, алар психикалык оору менен жабыркаганын билдирди.

Быйыл 27-мартта эртең менен Вахш районундагы Якатут айылында үч күн мурда баш кошкон Зиёев менен Шоева асынып алган жеринен табылган.

"Алардын үй-бүлөсүндө эч кандай жаңжал болгон эмес. Тергөө жаш жубайлардын экөө тең психикалык жактан ооруганын көрсөттү", – деди райондук администрациянын башчысы Курбон Юсупов.

Райондун прокуратурасы Салохиддин Исмоилзода акимдин сөздөрүн ырастап, туугандары аларды жин чыгаруу үчүн молдого да алып барышканын айтты.

"Маркум жубайлардын ата-энелери алар үйлөнгөнгө чейин түнкүсүн туруп, талааны аралап басып кетип жүрүшкөнүн да айтышты", – деди прокурор.

Исмоилзода кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу жаңы баш кошкон жубайлардын өлүмү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулганын кошумчалады.

Ошол эле маалда бийлик өкүлдөрү Зиёев менен Шоева кайсыл психикалык оору менен жабыркаганын так айтышкан жок. Мурдараак Хатлон облустук психоневрологиялык оорукананын өкүлдөрү маркум жубайлар медициналык жайда каттоодо болбогонун билдиришкен.

Шарифбек Зиёедин жакындары бул окуя боюнча эч кандай комментарий бербей келишет. Буга чейин Гулхавастын атасы Махмадзоир Шоев кызынын саламаттыгы жакшы болгонун айткан.

"Прокуратуранын маалыматына ылайык, Шарифбек 2021-жылдын ноябрынан бери психикалык жактан оорулуу болгон. Тергөөчү ата-энеси уулун алгач дарылап, андан кийин гана үйлөндүрүшү керек болгонун айтты. Бул маалыматтардан кийин кызым өз жанын кыйган эмес деген жыйынтыкка келдим", - деген Шоев.

Ал жаш жубайлардын уктоочу бөлмөсүнөн өлүм алдында жазылган кат табылганын да айткан. "Прокуратурадан мага ал каттын көчүрмөсүн көрсөтүштү. Анда "бизди кечиргиле, мындан ары жашагыбыз келбейт, өз жаныбызды кыюуну чечтик" деп гана жазылыптыр. Шарифбектин туугандары анын кол жазмасын таанышыптыр", - деген Шоев.

26 жаштагы Шарифбек Зиёев менен 17 жаштагы Гулхавас Шоева быйыл 24-мартта баш кошушкан. Алар буга чейин тааныш эмес болчу, ата-энесинин макулдугу менен үйлөнүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости