www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Йодду толуктап, иммунитетти көтөрчү 10 азык

Аллерголог, иммунолог, педиатр Елена Парецкая организмде йоддун запасын толуктап, иммунитетти бекемдөөчү он азыкты атап, ал тизмени РИА Новости жарыялады.

Адистин айтымында, йод жетишсиз болсо бүт организм жабыркайт. Балдардын боюнун өсүүсү жайлап, акыл-эсинин жетилишинде да көйгөй жаралат. Улууларда болсо иммундук коргоо деңгээли төмөндөп, жумушка болгон жөндөмдүүлүк начарлайт. Адам йод жетишпеген абалда көпкө чейин жүрө берсе богок оорусуна кабылат, мойну жооноюп, онкологиялык илдеттин пайда болуу коркунучу күч алат.

Парецкаянын пикиринде, организмге йодду толуктап турчу азыктардын сап башында клюква, кулпунай, кара өрүк, креветка, треска, тунец балыктары, үндүк эти, кабыгы аарчылбаган картошка, ак буурчак жана деңиз капустасы турат. Бул азыктардын баары йод, башка микроэлементтердин жана витаминдердин бай булагы болуп саналат.

Организмдеги йоддун жетишсиздигин байкоо үчүн бир нече белгилерге көңүл буруу зарыл. Адамдын көңүлү чөгүп, сабыры суз тартат, уйкусурап шалдырайт, кыжыры бат келет, кан басымы "ойноп" турат, башы ооруйт, табити жоголот, чачы менен тырмагы түшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости