www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күн мурун Кабулдун мэриясы Ооганстандын баш калаасынын көчөлөрүнүн бирине глобус орнотту. Анда Ооганстандын чыныгы аймагынан алда канча көп аянт, тагыраагы Ирандын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактары ооган элинин аймагы катары көрсөтүлгөн.

Кабулдун мэриясы бул кадам үчүн катуу сынга кабылды. 

"Биздин максат Ооганстандын картасын бир аз “чоңойтуп” жана көрүнүктүү кылып көрсөтүү болчу. Бул жерде эч кандай саясий максат жок. Мындай сын Кабулдун муниципалитетинин шаарды көрктөндүрүү жана өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу каалоосуна таасир этпейт", - деп билдиришти мэриядан.

Жер шарынын модели жакында Дахан-и-Баг аймагында орнотулган жана азыркыга чейин өзгөрүүсүз бойдон калууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости