www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистандын борбору Кабул шаарында жардыруу болуп, каза тапкандардын саны 63гө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, 8-май күнү шаардагы мектептердин биринин жанында мина коюлган автоунаа жардырылып, андан кийин эки ирет ракеталык чабуул жасалган.
Жардыруу окуучулар мектептен чыгып бара жатканда болгон. Көз жумгандардын көбү кыздар экени айтылды. Жардыруудан 150 адам жабыркаган.
Бул кол салууга "Талибан" радикалдык кыймылы тиешеси жок экенин билдирди. Афганистандын президенти Ашраф Гани чабуулду талибдер жасаганын айтып, аларды айыптаган.
Белгилей кетсек, Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал улам курчуп баратат. АКШ жана НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып, талибдер провинциялардын бир тобун, анын ичинде түндүк тарабын да көзөмөлдөөдө.
Булак: NazarNews.kg