www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин митинги боюнча борбор калаанын мэриясы билдирүү таратты. 

Митинг учурунда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын ал жердеги айрым кызматкерлери мурдагы жетекчи Рыспек Сарпашевди кайра дайындоо талабын айтышкан.

Бул боюнча Бишкек мэриясы Рыспек Сарпашевдин жетекчилик убагында мекемеде одоно мыйзам бузуулар болгондугун жана коррупциялык иштер белгилүү экенин билдирген.

Маалыматта мындай делет:

--Мурунку жетекчиликтин 2019-2020-жылдар аралыгындагы ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган.

Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында абоненттер менен иштөөдө мыйзам бузуулар аныкталган. Бул иш Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-октябрындагы №136 токтомун бузуу менен жүргүзүлүп, 7 339 300 сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле, бекитилген сметада каралбаган тейлөө кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча 42 321 900 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузулгандыктан дал келбеген сумма 35 348 300 сомду түзгөн. Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын даярдалган корутундусунун алкагында зарыл чараларды көрөт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан «Тазалык» МИнин 2019-2020-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 54 882 000 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын ичинде:

-25 793 900 сом - келишимдерди негизсиз түзүү, жасалма өткөрүлгөн конкурс, аванстык төлөмдөр жана башкалар;

- 15 707 000 сом - муниципалдык заказдын эсебинен негизсиз сый акы акы төлөө;

- 6 101 800 сом - күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу;

- 4 558 400 сом - негизсиз орнотулган жана иштен чыгарылган тетиктер;

- 1 227 900 сом - товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги;

- 455 000 сом - каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу.

Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Борбор калаанын мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууга жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

Последние новости