www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Казакстан мындай саясат менен алар көпкө узабайт», - деди бүгүн, 12-январда NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.

«Казакстандын күч органдарынынбы же атайын кызматынын тапшырмасыбы айтор, Казакстандагы болгон окуяга кыргыз тарапты күнөөлөөгө аракет кыла башташты. Ошон үчүн митингге тиешеси жокторду да кармап, күч менен 90 миң теңге үчүн митингге катышкам дедиришти.

Ал турсун мыйзамдагы ууру атыккан «Жапайы Арманына» кыргыздар алтын саткан дүкөндөрдү тоноду деген сөздөрдү айттырышты. Чынында Камчы Көлбаев мындай ыплас сөздөрдү айтмак эмес.

Анткени, мыйзамдагы уурулардын да өзүнчө статусу болот. Айт дегенди эле айтып чыга беришпейт. Кыскасы, мыйзамдагы уурусу баш болуп, бийликтин тапшырмасын аткарышты. Мындай саясат менен алар көпкө узабайт.

Ар кимге доомат арткандан мурун, этек-жеңин оңдоп, багытын тууралашы керек. Аларга бул нерсе абийир алып келбейт. Кыргыздар революцияга жакын эл деп эле «эл аралык террорист» деген ярлык тагабыз дегени карабай Кудайдын көзү түз экен, кармалган жараныбыз террорист эмес, музыкант болуп чыкты. 

«Эл аралык террорист» деп койгон дооматтары эп келбей, чындык кыска убакытта калпып чыкты. Чынында Казакстандагы кандуу окуя Назарбаев менен Токаевдин кармашы.

Ал маселени башка мамлекеттерге оодара салуудан мурун Казакстандын мамлекеттүүлүгүн сактап калуунун аракетин көрүшкөнү оң.

Кыргыздарга болгон күнөөнү оодара салабыз дегени кыргыздарга эле эмес, кудайга да жакпайт», - деди Булатов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости