www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Эл арасынан суурулуп, саясий аренага чыгып, мекен үчүн бар-күчүн аянбай, өз салымын кошуп, калың элдин кадыр-баркына ээ болгон кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Садыр Жапаров эмне үчүн түрмөдөн чыгарылбай жатат?
Бул суроо көптөн бери көпчүлүктүн көңүлүн өйүтүп, күн тартибинде турганын өзүңүз деле түкшүмөлдөп тургандырсыз. Бийликке келер алдында ажо болуп калсам, мыйзамдын кулу болом деп эл алдында убада бергениңиз жамы журттун эсинде. Ырас кайсы бир деңгээлде коррупцияга каршы иштер жүрүп жатат. Ага баарыбыз күбөбүз. Коррупцияга белчесинен батып, бийликтин туу чокусунда жүргөн бетпак Атамбаевдин жүзүн ашкерелөөдө саясий эркиңизди көрсөтө алдыңыз. Атамбаевдин командасын камакка алуу операциясы жеңил-желпи болгон жок. Бул аргасыздан жасалган кадам болсо да, туура кадам болду.
Себеби жалпы элдин ырыскысын уурдагандардын орду түрмөдө болушу керек. Элдин келечегин ойлогон эл башчысы, журт атасы элдин, мамлекеттин келечегин ойлосо, аны эл дагы баалайт, кадырлайт. Элге каршы иш кылып, уурулар менен табакташ, үзөңгүлөш жүргөн эл башчысы өзүнө өзү ор казып, акыбалы кайгыга айланат.
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиз чындыкты билишиңиз керек. Өлкөбүз азыркы убакта саясий кризиске кабылып, мамлекеттин түзүлүшүнө криминалдык чөйрө аралашып калган чагы, мындай жагдай өтө кооптуу. Анткени, сиз тандаган командада жана өкмөт кызматында криминалдык элементтер орун алгандыгын баары көрүп билишүүдө. Акыркы убакта күч органдары ар кандай деңгээлдеги кылмыштарды жашырып, өтө ири өлчөмдөгү пара алууга шектелип, керек болсо четинен ачыкка чыгып жатат. Мындай көрүнүш элди кыжырлантып, нааразычылыкка түртөт. Ал эми көпчүлүктүн нааразычылыгы өзүңүз жакшы билгендей, социалдык чыңалууну пайда кылып, ар кандай акциялардын, митинг-пикеттердин капилеттен чыгышын шарттайт. Өз кезегинде нааразычылык акцияларын, митинг-пикеттерди каршылаш тараптар өз кызыкчылыгына пайдаланат, натыйжада өлкөдө төңкөрүш болбойт деп эч ким кепилдик бербейт. Мамлекеттик бийликке келгендер баш-аягын жыйгыча, бийликти ээлегенге кызыкдар кримчөйрөлөр убакыт-саатын колдон чыгарбай, баш аламандык жаратышат.
Албетте, мамлекет мындай учурда жарандык согуш талаасына кептелиши ыктымал. Мунун баарына жоопкерчиликти эң оболу мамлекет башчысы алышы керек экендиги шексиз. Ошондуктан, сиз бүгүндөн калтырбай мыйзам үстөмдүгүн орнотуп, баарына калыс, кеменгер, көрөгөч ажо болушуңуз парыз. Эртең кеч! Айрыкча, саясий репрессияга кабылган туткундардын иштерин кайрадан карап чыгып, адилеттүүлүктүн орнотулушунда саясий эркиңизди көрсөтө алышыңыз маанилүү. Кыргыз элинин мекенчил уулу Садыр Жапаров убагында экс-президент Атамбаевди катуу сындап, анын кылмыштуу иштерин ачыкка чыгарып тургандыгы үчүн Атамбаевдин буйругу менен жалган жалаа жабылып, кылмыш иши токулуп, камакка алынган. Сиз өлкөдө күчтүү саясатчы экениңизди көрсөтүп келе жатасыз, айла- амалдар, Алланын колдоосу менен ажо болдуңуз.
Келерки шайлоодо Садыр Жапаров сизге саясий оппонент болбойт деп ойлойм. Кыргыздын канчалаган интеллегенция өкүлдөрү, СССРдин, КРнын эл артисттери, медицина тармагынын белдүү адистери ж.б. тармактардын өкүлдөрү, «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү, эң башкысы калың эл сизден Садыр Жапаровду мыйзамдын чегинде бошотуп берүүнү суранышууда. Эгерде Садыр Жапаров кылмышкер болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттер анын кылмыштарын эбак ачыкка чыгарышмак.
Арийне, калыстык үчүн айта кетсек, Атамбаевдин жугундусун ичкен дежур журналисттер өз убагында далили жок жамандап жүрүштү, эми алардын бири дагы ооз ачпай отурушат. Ал эми УКМК тергөө органы күбөлөрдү коркутуп, кыйноого алып, шантаж кылып, сотто Садыр Жапаровго каршы акылга сыйбаган күнөөлөрдү тагып, кийин кайрадан жалган жеринен күбө катары өткөндөр ачыкка чыкканын билебиз. Чынында Атамбаев Сталиндин мезгилиндей өз элинин оппозиция саясатчыларын террорго алган. Атамбаевдин ири кылмыштарынын артында далай үй-бүлө кайгыга кабылды, бул мыйзамдык принциптерге дагы, абийир принциптерине да туура келбейт. Атамбаевдин мыйзам бузууларынын кесепетинен бейкүнөө адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирди. Демек, Атамбаев эл душманы экенин өзү далилдеп отурат.
Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиз эч кимден көз каранды эмес президент катары өзүңүздү көргөзө алдыңыз. Биздин кайрылууну эске алып, мыйзамдуу чечимге келесиз деп ишенебиз. Биз, прогрессивдүү активисттер өлкөнүн сөз эркиндиги, адам укугу жана демократиянын ченеми үчүн узак жылдардан бери күрөшүп келебиз. 25 жыл адам укуктарын коргоого арналган эмгегим текке кеткен жок. Мен муну сыймыктануу менен айта алам. Садыр Жапаров баштаган Атамбаевдин тушунда камалган саясий туткундарга боштондук керек, аларды негизсиз кармай берүүнүн өзү жаңылыштык деп эсептейбиз. Биз сизге кызматка келген биринчи күндөн баштап колдоо көргөзүп, ишеним артып келүүдөбүз жана муну туура кабыл алып, туура чечим чыгарасыз деп ойлойм. Калың элдин ишеничине ээ болуп, колдоо таба билүү, өтө маанилүү кадам.
Урматым менен, Качкынбек Булатов, укук коргоочу.
Булак: NazarNews.kg