www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул боюнча президент Садыр Жапаров адилеттүүлүк үчүн мыйзамдын алкагында көз саларына ишенип, “акыркы окту” аткандай жазып отурам. Бир жарым жылдай убакыттан бери Кашкар Жунушалиев менен соттошуп, акыйкат сынды. Сокенин судьялары менен салиевдер басма сөздү кыйла эле муунтушту. Бирок, күрөшчүл жаным болбой эле сүйрөлүп келатам.

Экс-министрге карата “Кашаң Кашкар”, “Кашкар крысабы?” деген сөздөр жазылган. Ал ушул боюнча ар-намысына шек келгенин билдирип, арызданып, 5 миллион сом өндүрүп алууга ашыккан эле. Жогорку сотко чейин иш барып, натыйжада, мага 300 миң сом айып пул төлөтүүгө мажбурлашты. Акыркы чечим өткөн жылдын 23-сентябрь күнү чыккан. Аныгында, адам парасатын тагдыр таразага салат тура. 5-6-октябрдагы башаламандыкта министр качып кетип, анын “Кашаң Кашкар”, “Кашкар крысабы?” деген образы өзүнө бап келишти. Генерал башы менен кайдадыр безип, беш жүздөй милиция кызматкерлери, миңге жакын жарандар оор жаракаттарды алышты. Өлгөндөр да бар. Дал ушул окуянын негизинде кайрадан арыз жазууга аргасыз болдум. Жогорку сотко жаңы ачылган жагдайлар боюнча даттануум өндүрүштө турса керек.

Бирок, ушул учурда Кашкар Жунушалиевдин адвокаты сот аткаруучуга менин үстүмөн кайрылып, 300 миң сомду өндүрүп алууга киришти. Азырынча төлөп бере албайм. Жаңы ачылган жагдайлар менен кайрадан соттон жеңишке жетүүгө үмүтүм бар. Экс-министр мени менен жакалашпай, өзүнүн оркойгон катачылыктары боюнча баш оорутпайбы? Ушунчалык да беттырмарлыкка барабы?

Айтмакчы, учурда фейктер, троллдор соцтармактарда маалыматтык башаламандык жаратып атканда, эл аралык практиканы колдонуп, сапаттуу анализ, алгылыктуу маек жана курч маалыматтарды гезиттен окууга мезгил келди. Өнүккөн өлкөлөрдө ушул жагын мамлекет башчылары колдогону жашыруун эмес...

Асланбек Сартбаев  “Азия Ньюс” гезити

Булак: NazarNews.kg

Последние новости