www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжайда жайлоого баратып мотоциклден кулаган өспүрүм боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-май күнү Кадамжай РИИБине өспүрүмдүн өлүмү боюнча билдирүү түшүп, окуя болгон жерге дароо милициянын ыкчам-тергөө тобу чыккан.

​Аныкталгандай, 16 жаштагы А.А. Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы баратып, жаңы сатып алынган спорттук "Эндура" мотоциклинин башкаруусун жоготуп жыгылып кеткен. Ал Чаувай жайлоосунда алган оор жаракатынан улам, тез жардам унаасында ооруканага жетпей жолдо каза болгон.

​Милиция кызматкерлери тарабынан кырсыктын жана өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Учурда Кадамжай РИИБ тарабынан алгачкы текшерүү иштери улантылууда.

Последние новости