www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-майда Нарындын Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында уран калдыктарын рекультивациялоо иштери жыйынтыкталды. Жумуштардын жыйынтыкталганы жөнүндө протоколго Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) менен Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы кол койду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ошондой эле Миң-Кушта рекультивациялоо боюнча ири долбоорду аяктоого арналган мемориалдык стела ачылды. Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана «Росатомдун» эл аралык ишмердик блогунун директору Николай Спасский баштаган делегация катышкан.
Мындан тышкары жолугушууда 2026–2028-жылдарга Кыргызстандын аймактарын реабилитациялоо боюнча биргелешкен иш-аракеттердин планы бекитилген.
ӨКМнын маалыматына ылайык, 2013-жылдан 2025-жылга чейин созулган КМШнын Мамлекеттер аралык программасынын алкагында Миң-Куштагы «Как», «Туюк-Суу» жана «Талды-Булак» калдык сактоочу жайлары рекультивацияланды. Кооптуу калдыктар «Дальнее» объектисине көчүрүлүп, аймак коопсуз абалга келтирилди.
Тараптар бул долбоордун ишке ашышы бүтүндөй Борбор Азия аймагынын экологиялык коопсуздугуна салым кошконун белгилешкен. Миң-Куш шаарчасы 1947-жылы уран казып алуу борбору катары негизделген. Рекультивация иштери экологиялык тобокелдиктерди азайтып, аймакты андан ары өнүктүрүүгө шарт түздү.