www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-майда Кыргызстандын бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо кагылды. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өткөн «Акыркы коңгуроо» аземине катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Өз сөзүндө министр бул күн бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана мугалимдер үчүн өзгөчө толкундануу менен коштолгон күн экенин белгиледи.

«Мектеп силерге билим берип, чоң турмушка жол ачты. Бүгүн угулган акыркы коңгуроо жаңы турмуштун башталышы болуп саналат. Он бир жыл бою алган билимиңерди туура пайдаланып, турмуштун кыйынчылыктарына сынбай, туура жолду тандап, эң ийгиликтүү инсандардан болоруңарга ишенем», — деди министр.

Ошондой эле  Кендирбаева мектеп-лицейдин тарыхый ордуна токтолуп, бул билим берүү мекемесинен өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон көптөгөн көрүнүктүү инсандар тарбияланып чыкканын белгиледи.

«Силер жөн гана бүтүрүүчүлөр эмес, кылымдык тарыхы бар мектептин бүтүрүүчүлөрүсүңөр. Бул окуу жайдан өлкөнүн алгачкы интеллигенция өкүлдөрү, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер билим алышкан. Ошондуктан силерге болгон ишеним чоң. Силер — биздин келечекке болгон үмүтүбүзсүңөр», — деп белгиледи. 

Иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, куттуктоо сөздөрү айтылды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн аткаруусунда «Классташым» ыры жаңырып, акыркы вальс бийленди. Салтанат акыркы коңгуроонун кагылышы менен жыйынтыкталды.

Последние новости