www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, даярдык иштери кыш бою жүргүзүлүп, инженердик тармактарды жана мамыларды көчүрүү, мыйзамсыз тосмолорду, кабелдерди жана жол курууга тоскоол болгон объекттерди демонтаждоо иш-чаралары аткарылган.

28-майда мэриянын жетекчилиги реконструкциялоо иштери аяктаган көчөлөрдү кыдырды.

Оңдоодон кийин көчөлөрдүн төмөнкү тилкелери ачылды:

  • «Дордой» базарынын жанындагы узундугу 1,8 км, туурасы 8,5 м болгон Кожевенная көчөсү;
  • Ак-Босого конушундагы Чоң Чүй каналын бойлой кеткен узундугу 1100 м болгон жол;
  • Кудрук көчөсүнүн Краснодар көчөсүнөн Малышев көчөсүнө чейинки узундугу 700 м болгон тилке;
  • Рига көчөсүнүн Кара-Балта көчөсүнөн Республиканская көчөсүнө чейинки узундугу 450 м болгон тилке;
  • Безымянная көчөсүнүн Чоң Чүй каналын бойлой Республиканская көчөсүнөн Коммунаров көчөсүнө чейинки узундугу 200 м болгон тилке;
  • Лев Толстой көчөсүнүн узундугу 1800 м болгон тилкеси;
  • 6-кичи районундагы №12/1 үйдөн №14/1 үйгө чейинки узундугу 300 метр болгон короо ичиндеги өтмөк.

Последние новости