www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунда уулангандардын саны 108 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ооруканада 23 бейтап жатат, анын ичинен экөө жаш бала, калгандары амбулатордук дарыланууда. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык.
Эске салсак, 30-июлда "Алмаз" тойканасында 250 адамдын катышуусунда той болгон. Кадамжай райондук ооруканасына 31-июлда биринчи жабыркагандар (48 адам) медициналык жардам сурап кайрылышкан.
Кафенин жетекчисине мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголуп, ага ылайык Кылмыш-жаза кодексине ылайык айып пул салынат. Ал эми, тойкананы убактылуу жабуу боюнча буйрук чыкты.
Булак: NazarNews.kg