www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадыр Кошалиев: «Кыргыз адилеттикти сүйгөн эркин эл!»

Кыргыз эли адилеттикти туу туткан, эркин эл экендигин дагы бир ирет тастыктады. Мындай пикирин коомдук ишмер Кадыр Кошалиев билдирди.

«Бүгүн 15-октябрда Кемпир-Рабат маселеси боюнча өткөн Элдик Курултайга жергиликтүү тургундар менен бирге жети дубандан эл чогулуп, учурдагы олуттуу маселени талкууга алышты. Кабыл алынган чечими Кыргыз, Өзбек бийлигинин башчыларына жөнөтүлмөй болду. Тыянактап айтканда «суу сактагыч биздин жерге курулган, берүүгө каршыбыз» - деген көз караш колдоо тапты. Кыргыз эли адилеттикти туу туткан, эркин эл экендигин дагы бир ирет тастыктады.

Анан да аталган жыйынга Элдик Курултай институтун колдогондор да, караманча каршы пикир айтып жүргөндөр да чогулуптур. Демек, коомдогу түйүндүү маселелерди чечүүдө элдин тикелей катышуусуна шарт түзгөн Курултай институтун мыйзамдаштыруунун зарылдыгын турмуш өзү ырастап жатат», - деп белгилеген Кошалиев.

Эске салсак, 15-октябрда Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн. Ал жерге Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары жана башка саясатчылар, жарандык активисттер дагы барган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жалпысынан Кемпир-Абад суу сактагычынын акваториясы Кыргызстанга 19 миң гектардан ашык, Өзбекстанга 4 миң 485 гектар жер калганын, бирок эки өлкө биргелешип башкараарын билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычы (Өзбекстанда Анжиян деп аталат) Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустары менен Өзбекстандын Анжиян облусунун кошулган жеринде жайгашкан. Ал 1983-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулган.

1973-жылы Өзбекстан компенсация катары Кыргызстанга 4100 гектар жер берген.

Кемпир-Абадга Тар, Кара-Кулжа, Кара-Дарыя дарыялары куят. Суу сактагыч Кыргызстанга тиешелүү. Анын аянты 4400 гектарды түзөт. Максималдуу толтуруу көлөмү 1,9 куб километрди түзөт. Кезинде Өзбекстанга ижарага берилген. Фергана каналынын суулары Кемпир-Абад суу сактагычынан башталып, Кыргыз Республикасынын Араван району аркылуу Өзбекстан Республикасына кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости