www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл Кадыр түн 28-апрелге караган түнү белгиленет. Адатта Кадыр түн Рамазан айынын 27-түнү белгиленет. Бул түнү мусулмандар таң аткыча укташпайт, мечиттерде имамдар баян айтып, Мухаммед пайгамбардын хадистерин окушат.
Кадыр түн араб тилинен которгондо кудурети күчтүү деген маанини билдирет. Бул түнү мусулман адам эң чоң байлыкка — Алла Тааладан күнөөлөрүнүн кечирилишине ээ болот. Кадыр түн күн баткандан таң аткыча уланат.
Бул түндү көңүл ачуучу жайларга барбай, ушак айтпай, спирт ичимдигин ичпей, көркөм тасма же сериал көрбөй өткөрүш керек. Ошондой эле Кадыр түндү ырдап же бийлеп өткөрбөш керек.
Булак: NazarNews.kg