www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров бетин жапкан паранжыга каршы экенин айтып, хиджаб кийүүгө каршы чыккандарды "исламдын душманы" деп атады.

"Биз жоолук салынууга чакырабыз, жазалабайбыз. Ал эми хиджаб кийбегиле дегендер исламдын душманы. Биз бетти жапкан чүмбөткө  каршыбыз",- деди аймактын башчысы өзүнүн телеграмм каналында.

Кадыров аймакка ар кандай диндеги коноктор көп келерин, аларга урмат-сый менен мамиле кылуу керектигин белгиледи.

"Алардын кийиминин формасы бизди кызыктырбайт. Тескерисинче өзүбүздүн кийимибиздин формасы бизди кызыктырат", - деп кошумчалады ал.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости