www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын улуттук-мекенчил күчтөрү кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча билдирүү жасады.
"Бүгүнкү күндөгү эң жаралуу маселе чек ара болууда. Бул жооптуу ишти Мамлекеттик бийлик органдары жана коомчулук ынтымак менен биргеликте элдин кызыкчылыгына ылайык чечүүгө милдеткербиз. Кыргыз коомчулугунан азыр эч нерсени жашыруу мүмкүн эмес. Борбордук Азия элдеринин ичинен атуулдук коомдун активдүүлүгү, ачык-айрымдык жагынан биз алда канча алдыдабыз.
Ворух боюнча 2009-жылы А.Мадумаров, 2021-жылы, майда К.Ташиев кол койгон № 39 Протоколдор иш башы иретиндеги абалды жөндөө багытындагы ниет-сунуш гана, өздөрү айткандай Өкмөттүк комиссия карап чыгып, ЖКнын ратификациясынан өтпөгөн соң кагаз эле. Бирок, ошол эле мезгилде экинчи тарап маселени өз пайдасына чечүү үчүн мезгил-мезгили менен окторду жаадырып, Протоколдорду бетке кармап демитип жатканына күбө болуудабыз. Башында эле айталы, чек ара маселесин чечүүнү ал ким болуп кеткенде да жалгыс адамга тапшыруу жарабайт. Мамлекеттик жогорку инстанцияларда карабай туруп, жармач протоколдорго жан салып, кан куюп, ишке киргизүү даана кылмышка тете иш. “Эки тарап сүйлөштүк, сегиз күндөн кийин иш башталат”-дегенден улам жан кашайып айтып жатабыз. Келечекте ушундай иш жасаган мамчиновниктерге мекенге чыккынчылык жасаган оор кылмышкер катары караган катаал жаза чен өлчөмүн киргизүү керек.
К.Ташиевдин сүйлөшүүлөрү 1-этап катары калып, ал эми эки тараптуу Өкмөттүк расмий комиссия мындан ары ишти улантышы керек. Анын жыйынтыгы боюнча маселени Жогорку Кеңеш караса максатка ылайыктуу болот. Азыр эле буга чейин түзүлгөн протоколдор кыргыз тараптын кызыкчылыгына кайчы келери дайын болду. Өзүбүздүн тарыхый жерди арендага берип, же жол курууга тажик тараптан уруксат сурайт деген эмне деген шумдук!
Анан да, ал жолду биргеликте куруп, ээлик кылууга аларга да укук берет экенбиз!? Эмне деген гана айкөл элбиз, өтө эле ашыкча кеткен жокпузбу?! Азыр эле куралдуу күчтөрүн каалагандай пайдалып жаткан тажик туугандар эртең жаңы салынган жолго танкаларын тизип, менчиктеп ээлеп алуусуна жол ачып берип жатпайбызбы! Баса, анклавдар боюнча дүйнөлүк практикада куралдуу күчтөрдү ал аймакта кармоого тыюу салынган. Биз кийинки сүйлөшүүлөрдө ушул маселени кошо көтөрүшүбүз керек. Чек араны тарыхый документтерге таянып калыс чечүүдө СССРдин учурундагы карталарды көтөрүп, анклавдардын маселеси менен кошо Мургабды кайра кайтаруу ишин колго алышыбыз зарыл.
Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сиз, өлкө башчысы катары, мамлекеттин жана элдин алдында тарыхый жоопкерчилик алган эң жогорку кызмат адамысыз. Сизге болгон элдин ишеничин эске алып, чек ара маселесин өзүңүз жеке көзөмөлүңүзгө албасаңыз болбойт. Элдин жаратман демине таянып, өзүңүздүн ыйгарым укуктарыңызды толук колдонуп, катуу киришпесеңиз бул маселе контролдон чыгып баратат.
Андыктан, маселени калыс, адилет, ыкчам чечүү үчүн:
1) А.Мадумаров, К.Ташиев кол койгон Протоколдорду ЖКда карап, жокко чыгаруу;
2) КРнын чек ара маселеси боюнча жаңы расмий Өкмөттүк комиссия түзүлүп, бийлик бутактарынан, коомчулуктан өкүлдөрдү киргизүү;
3) Маселе кынтыксыз изилденип, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп бүткөндөн кийин Өкмөттүк комиссиянын сунушун ЖК тарабынан ратификациядан өткөрүлгөн соң гана курулуш иштерин баштоо максатка ылайыктуу болот деп эсептейбиз.
Алабарман маселе чечкичтер арыдан бери будамайлап, элдин пикирин эске албай Үзөңгү - Куушту, Каркыраны башкаларга берип тынышты. Бул жолу эл андайга жол бербейт. Эгер түрдүү себептер менен маселенин туура чечилишине шек туулса, анда Конституциянын 7-беренесине жана элибиздин тарыхый салтына таянып, 2022-жылдын март айынын орто ченинде бүткүл Республикалык Элдик Курултайды Баткенде өткөрө тургандыгыбызды билдиребиз.
Б.Абдыразаков, ЖКнын мурдагы депутаты, Кыргызстандын улуттук-мекенчил күчтөрүнүн биримдигинин төрагасы;
К.Дүйшеев, “Элдик Курултай” кыймылынын төрагасы;
К.А.Кошалиев, “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы, “Элдик Курултай” кыймылын негиздөөчүлөрүнүн бири, Конституциялык кеңештин мүчөсү", - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg