www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда мамлекеттер ортосунда өздөрүнүн таасир көрсөтүү аймагын кеңейтүү максатындагы айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Айрыкча Борбордук Азия үчүн күрөштө Россия баштагыдай эле өз таасирин сактап калуу аракетин жасап жатса, ага кайчы келген кызыкчылыкты кармангандар жалгыс эмес, бир жагынан Батыш өлкөлөрү, экинчи жагынан Түркия аталган аймактагы позициясын күчөтүү аракетин жасоодо. Мындай шартты Кыргызстан өзүнүн геосаясий артыкчылыктарын көсөмдүк менен колдонуп, саясий-экономикалык, коргонуу маселелерин оңунан чечүүгө өбөлгө түзгөн жагдай катары туура пайдаланышы шарт. Бул тууралуу пикирин "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди.
Эгер маселени кененирээк ала турган болсок, Кыргызстан – Борбор Азия регионунда түрдүү маселелерди комплекстүү чечүүгө келгенде өзүнүн өзгөчө орду бар республика. Геосаясий, тарыхый, экономикалык, экологиялык, диний-экстремизм, терроризм, наркотрафик, суу ресурстарын пайдалануу, бажы, чек ара, жол, темир жол, аба байланышы ж.б. түйүндүү маселелерди жөнгө салууда Кыргызстан Борбордук Азияда интеграциялык аянтча болууга шарты бар.
Келечекте Кыргызстан көчмөн цивилизациянын баалуулуктарын алып жүргөн өлкө катары эле эмес, учурдагы эң таңкыс таза суу, таза аба, таза азык-түлүктүн мекени катары да жаңжалсыз, аскердик аракеттерге жол берилбеген, тархый, руханий аймак статусуна ээ болуу зарылчылыгы бышып жетилди.
Элибиз илгертен күч колдонууга эмес, саясий-дипломатияга, тынчтык сүйлөшүүлөргө өзгөчө маани берип келген. Ошол улуу салтыбызды улантуу менен эл аралык дипломатиялык иштердин туура жолго коюлушу – саясий чыр чатактардын алдын алат, экономикалык кызматташууга жагымдуу шарт түзөт, жарандардын түркүн максаттагы карым-катышын күчөтөт, өлкөнүн дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-баркын көтөрөт.
Мамлекеттик жана улуттук коопсуздуктун маселелери жөнүндө сөз болгондо эң оболу-чек ара, коргонуу, экономикалык-энергетикалык, экологиялык, азык-түлүк, ден соолук, маалыматтык -идеологиялык коопсуздук тутуму туурасындагы комплекс көйгөйлөрдү чечүү көңүл борборунда туруусу шарт.
Биз ушул артыкчылыктарыбызды туура пайдалана албай келе жатабыз. Дүйнөлүк практикада суу товар катары сатылары кабыл алынган шарт болуп калгандыгына карабастан биз кошуна өлкөлөргө сууну сатуу мындай турсун негизинен Казакстан менен Өзбекстан пайдаланган суу сактагычтардын кармалып туруусуна кеткен чыгымды дурустап чече албай келе жатабыз. Келечекте Өзбекстан ГЭСтерди биргеликте курууга кызыкдар экендигин ачык айтууда. Бул кадамды чечүүчү рычакты колго алууга болгон далалат катары бааласа болот.
Чек ара маселелерин Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайык акыр аягына чейин изилдебей туруп, арыдан бери шашылыш чечип салуу туура эмес. Акыркы жылдарда эле ар кандай себептер менен өтүп кеткен Советабад, Шахимардан маселеси, анклавдардын пайда болуусу, Аксыдагы талаштуу жерлер ж.б чек ара көйгөйлөрү тыкыр тарыхый документтердин негизинде изилденип, керек болсо кайра кайтарып алуу аракетин көрүүнүн ордуна бере салганыбыз туура эмес. Бир пикирге келе албасак талаштуу маселе катары чечилбей турганы артык. Дүйнөдө чек ара маселеси талаш болсо кылымдап чечилбей эле турган мисалдар толтура. А.Акаев маселе чечкич боло калып, Үзөңгү Кууш кытайга биротоло өтүп кетти. Каркыранын, Хан Теңгири тоосунун бир бөлүгүнөн айрылдык. Ал эми Сох анклавына коридор берүү дегендик аягы барып Баткен, Лейлектен ажырап калууга алып барат. Ойлонуп иш кылбасак ойронубуз чыгат.
Ал эми Россия менен жүргүзүлүп жаткан сырткы саясат да кубанарлык эмес. Жер үй маселеси экинчи Кумтөр болот. Жүз тоннадан ашык алтын жаткан жерди Атамбаев-Бабанов болбогон акчага сатып жиберишип, Кыргызстандын бир тыйын үлүшү жок вариантка кол коюлуп калгандыгы кылмыштуу иш. Коомчулук кыргыз тараптын үлүшүн көбөйтүүнү талап кылып келет. Элдин талабына кулак салуунун ордуна жаңы бийлик админстративдик рычактарды колдонуу менен ишкананы ишке киргизүү аракетин көрүп жаткандыгы айкын болууда.
Дагы бир маанилүү маселе болгон орус тилдүү мектептердин саны жылдан жылга көбөйүп, кыргыз тилдүү мектептерге жакшы көңүл бурулбай жаткан учурда орус тилинде ишмердүүлүгүн жүргүзө турган мектептерди ачуунун кандай зарылчылыгы бар эле?!
Дүйнөлүк тажрыйбада мамлекеттик тилден башка тилдер (эгер окутабыз дешсе) ошол этностордун өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен окутулат. Мамлекет аларга өз тилдерин окутууга шарт түзүп гана берет. А бизде, артта калган өлкө экенибизге карабай, мамлекеттик тил менен катар бир нече тил мамлекеттин эсебинен каржыланып, окутулуп келатат. Биз да эгемен өлкө катарында ошондой эл аралык тартипте иш алып барсак эмне үчүн болбосун!? Мамлекеттик тилди окутууга жана жайылтууга канча каражат бөлүнөт жана дагы канча тил мамлекеттин эсебинен окутулат, карап көрөлү:
• Республика боюнча бала-бакчалардын жалпы саны — 4 586,
• анын ичинен окутуу кыргыз тилинде — 2446,
• орус тилинде — 2108,
• өзбек тилинде — 155,
• тажик тилинде — 2,
• башка тилдерде — 15.
Жогоруда айтылгандай, дүйнө жүзүндө бир да мамлекет бөлөк-бөтөн тилдерди мамлекеттин эсебинен каржылап окутпайт. Бир гана биз Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана башка мамлекеттер менен эки жактуу келишимдерди түзбөй эле бала-бакчаларда жана мектептерде ушул элдердин тилдерин окутууну мамлекеттин эсебинен каржылап келатабыз. Мындай көрүнүш Орус-славян университети сыяктуу жогорку окуу жайларында да орун алган. Эми ушул жагы аз болуп жаткансып, дагы нукра орус тилдүү мектептерди көбөйтүү чечими кабыл алынып, эки тараптуу келишимдердин түзүлүп жатышы биздин улуттук кызыкчылыкка туура келбейт. Россиядан атайын мугалимдер келери да айтылууда. Андай экен ал мугалимдерди предмет катары орус тилин окутууну күчөтүү максатында орус тилчилер жетпей жаткан алыскы райондорго жөнөтсөк максатка ылайыктуу болор эле.
Эмне биз, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана башка мамлекеттерге жумушчу-кадрларын даярдап берүүгө милдеттеме алган өлкөбүзбү!? Анткени, алардын көбү бизден билим алып, ошол өз улутташтары жашаган мамлекеттерге кетип, алардын жарандыгын алып жашап жатышат. Башка тилдерде ишмердүүлугүн жүргүзгөн мекемелерге (60-62 млрд сом) каражат жумшалат экен. Бул олчойгон каражатты өзүбүздүн мектептерди ондоп, 30-35 жылдан бери салынбай жаткан имараттарды бүткөрүп, дагы жаңыларын куруп, мугалимдердин айлык-акыларын көтөрүп, өзүбүзгө жетерлик окуу куралдарын чыгарып, билим берүү тармагын көтөрсөк болбойт беле?
Биздин жетекчилерде саясий эрк жетишпей жатат. Эгер мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө толук шарт түзүлсө, кыргыз тилинде окуп жана иштөөгө муктаждык пайда болсо, анда “балдарыбыз жумушсуз калат” деп коркпой, башка улуттардын өкүлдөрү да балдарын мамлекеттик тилде окуганга беришмек. Мындай жакшы жөрөлгө түштүк облустарында башталгандыгын айта кетели.
Расмий маалыматтар боюнча 2013-2014-окуу жылдарга караганда 2019-2020-жылдары орус тилинде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн мектептердин саны көбөйгөн. Ал негизинен орус-кыргыз, орус-өзбек тилдүү мектептердин биротоло орус тилине өтүп кетүүсүнүн натыйжасында болгон. Ушундай процесс жүрүп жаткандыгына карабастан орус тилдүү мектептерди дагы көбөйтүү кыргызга керекпи?
Кыргыз тили мамлекеттик тил катары жылдан жылга өнүккөндүн ордуна, кайра тескерисинче өз укуктарын жоготуп, расмий тилге ордун бошотуп берип жатканы көрүнүп турат. Мунун өзү Мамлекеттик тил саясаты туура эмес жүргүзүлүп жатканын далилдейт. Андан улам:
1. Мамлекеттик тилди мамлекеттин ар бир жараны билүүгө жана сүйлөөгө милдеттүү экенин;
2. Мамлекет ичиндеги бардык иш-кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлүүгө тийиштигин, зарыл болгон учурда гана башка эл аралык тилдерде жүргүзүлө тургандыгын;
3. Эл аралык документтер да мамлекеттик тилде жана келишим түзүп жаткан өлкөлөрдүн тилдеринде гана жазыларын;
4. Бала –бакчалардан баштап, жогорку окуу жайларына чейинки окутуу жана тарбия иштери мамлекеттик тилде болорун жана каржыланарын мыйзамдуу эреже катары турмушка ашырышыбыз зарыл.
Билим жана илим министрлиги тарабынан тилдерди окутууга бөлүнгөн каражат бүт Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жумшалышы зарыл. Башкача айтканда, Мамлекеттик тилде окуткан окуу жайлары жана тарбия мекемелери гана каржыланып, калган этникалык азчылыктардын тилдерин окутууга мамлекет шарт түзүп гана бериш керек.
Ооба сырткы саясатка келгенде Россия биздин стратегиялык өнөктөш! Алтай цивилизациясы-аталышындагы башталган долбоорду күчөтүү керек. Учурда арааны жүрө баштаган Түркия бизди алдына эч качан коебербейт. Эл аралык деңгээлдеги жүрүп жаткан дүйнөлөшүү агымынын бир жакшы жагы адамзат акыл-эсинен жаралган цивилизациялардын баарлашуусу багытында жаңы мейкиндиктерге жол ачылууда. Андай аракеттердин акыбети менен жаңы замандагы түптүү идеялардын – демократиянын, эркиндиктин, акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн, айкөлдүктүн, аруулуктун, жаратмандыктын принциптерине негизделген жаңы келечектүү коомдун үлгүсү калыптанмакчы, - деди Кадыр Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg