www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан боюнча эки жүздөн ашуун дары-дармек жаатында ишканалар болсо, коронавирус учурунда негизинен 20-30 гана компания дарыларды сатып  рынокту көзөмөлдөп, дарынын куну учуп, баасы асмандап кеткен. Ал эми ал 30 компания өз кезегинде, болгону бир ууч 6-7 адамдын эле карамагына таандык. Дамира Ниязалиева, Акжолтоев, Эсенбеков, Садырбеков, Чолпонбаев, Чумаева, Турдубаев, Шакиров жана башка аптеканын кожоюндары эл мүдөөсүн эске алып, сатыктагы дары-дармектердин баасын төмөндөтүп арзаныраак сатышса, калктын кыжырына тийбей, батасын алышат эле. Чындыгында аларга башка бирөөлөр менен бири ооруп жатабы, бири өлүп жатабы иши эмне? Буларды ким контролдойт, азыркы Башкы прокурор Курманкул Зулушев бир бахиланы 150 сомго саткан компаниянын атын атаган. Бир ууч шылуундардын кыймылын контролго ала турган расмий орган Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары менен камсыз кылчу департамент (ДЛО -департамент лекарственного обеспечения) талкан сугунгандай эле кырдаалды өз көзөмөлүнөн  чыгарып коюшкан. Баягы эле жок болгус коррупция. Уруксат кагаздарын берген орган ала тургандарын алып, кекиртегинен тоголотуп жибергенден кийин, кантип кайра көзөмөл жүргүзөт эле?

Коронавирус учурунда булардын аптека түйүндөрүндө дары-дармектер кымбат сатылып, капчыгы “капитальный” кампайып алды. Булар капчыгын кампайтып алыш үчүн канчалаган көздөн жаш чубурду, алардын аптекаларында дарылар асманды чапчып турат. Коронавирустан карапайым эл кыйналып, жаны жер тартып, ооруп, кара жаны каржалып турду. Капчыгында сокур тыйыны жок, жалдырап караганы мамлекеттик гумжардам болуп турганда, мамлекетибиз мамлекеттей болуп толук кандуу элин колдоп кете албай, мажүрөөлүккө белинен батып, колдон келген чараларын тыңгылыктуу ишке ашыра албай турган учурда элдин убалы кимге эле?

Ташкенге болгон мамлекеттик сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп, кызматташуу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек саймедиреди.

Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, маданий эс алуу жана башка тармактардагы алаканы өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болгон.

Садыр Жапаров Өзбекстанда фармацевтика тармагынын өнүгүп келе жатканына баа берип, Кыргызстанда дары-дармектерди, медициналык шаймандарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, ал өнөр жай кооперациясы жаатында кызматташууну айтып, биргелешкен айыл чарба ишканаларын түзүү долбоорлорун чогуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчы чек ара соодасын өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосунда түз байланышты жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин түзүлүшүнө оң пикирин айтты. Кеңештин биринчи жыйыны Ташкент шаарында Кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында өткөн.

Өзбек премьери Кыргызстан менен ынак коңшулук мамилелерге токтолуп, мамлекет башчыларынын тарыхый жолугушуусунда кыргыз өкмөтү менен жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга толук даяр экенин белгилеген.  Арипов эки элдин кылымдардан бери келаткан тарыхый жана маданий жалпылыктары эки өлкө мамилелерин жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болуп жатканын кошумчалаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости