www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Түркмөнстан же Түндүк Корея болушу мүмкүн эмес. Бул тууралуу «Кыргы жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди.
«Кыргыз коомчулугунун эл арасында болуп жаткан ар кандай окуяларга ыкчам реакция жасап жаткандыгы бир жагынан жакшы көрүнүш. Болгону жөн жерден көйгөй жаратып, жумурткадан кыр издебей калыс, адилет пикир айтуу зарылдык. Кыргыздар «Азиянын арстандары, Моголстандын жолборстору» аталган, тоо бүркүтүндөй эркин эл болгондуктан, эч качан Түркмөнстан же Түндүк Корея болушу мүмкүн эмес. Анан да музду жарып, 1-жоогазын революциясын жасоодо опол тоодой эмгеги бар Жалал-Абад облусунун элин бир жактуу кемсинтүү жарабаган жорук.
Менимче, Президент деле ошентип тосуп алгыла деп айтбаса керек, тек гана дос-секретарь ашыкча аракет жасап койгондой көрүнөт. «Боёкчу, боёкчу десе атасынын сакалын кошо боептур» дегендей...», - деп белгилеген Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg