www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысынын (муфтий) орун басары Кадыр Маликов Интернетте тараган аудио боюнча Ички иштер министрлигине кайрыларын «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, ал тасмада муфтиятта өткөн жыйындагы айтылган сөздөр бурмаланып, шектүү диний топтун жактоочулары катары көрсөтүлүп калган.

«Азыр «иликтөө жүргүзүш керек» деп арыз жазам. Мунун артында ким турат, кандай максаты бар? ИИМдин 10-бөлүмүнө, УКМКга да кайрылам. Ал жакта бизди жаманатты кылып жатышат. Бизди ИГИЛге байланыштырып жатышат. Бул атайын жасалып жатат, салттуу динге каршы маалыматтык согуш жүрүп жатат», – деди Маликов.

Буга чейин Интернетте Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы жетекчиси Акин Токталиев, муфтийдин орун басары Кадыр Маликов баштаган диний өкүлдөрдүн жыйындагы сүйлөшүүсү жөнүндө аудио тарады. 10 мүнөттүк аудиодо өлкөдө мусулмандар көпчүлүк экенин көрсөтүш керек экендиги, саясатчылар аалымдардын айтканын кылышы керек экендиги айтылып, Баш мыйзамдагы жана саясаттагы исламдын орду талкууланган. Ал аудио жаздырууну социалдык тармактын айрым колдонуучулары шектүү диний топ түзүүгө аракет кылуу катары баалап жатышат.

Бирок Кадыр Маликов жыйынды муфтият уюштурганын жана ал жерде радикалдуу чакырыктар болбогонун айтууда. Маликов жыйын бардык диний топтордун пикирин угуу, биримдикке чакыруу максатында болгонун белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости