www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна борбор калаанын тургуну А.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2026-жылдын 27-март күнү Суюмбаев көчөсүндө жайгашкан «Гурман» кафесинде белгисиз адамдар анын кийиминин чөнтөгүнөн 450 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын жашыруун уурдап кетишкенин билдирген. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон жана чөнтөк ууру катары каттоодо турган А.О. шектүү катары кармалды.
Шектүү Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.