www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы элчи Дастан Дүйшекев тийешелүү милдетин жетиштүү деңгээлде аткара албай, кыргыз жарандарын коргоодо кашаңдык кылып, нааразычылыктар кескин түрдө көбөйдү.

Соцтармактарда да сын-пикирлер курчуду. ТИМ, президенттин администрациясы элчинин ишмердигин талдоого алып, калыс баалашы керек. Коңшу өлкөдө кооптуу кырдаал жаралган учурда биздин жарандарыбыз кордукка кабылышса, укуктары корголбой, кимге арыз-муңдарын айтышарын билишпесе, абал чатак го?

Эмне үчүн мындай көрүнүш орун алды? Мамлекетчил, профессионал кадр болбогону үчүн аксадык. Себеби бар, Дастан Дүйшекеев кафеде администратор катары майланышып жүрүп эле мамлекеттик кызматтарга секирик жасап, дипломат катары чыга келди. Кайдагы тажрыйбаны айтасыңар?

Элчи катары бойдок барып, анан үйлөнүп атпайбы. Али токтоло элек, турмуштук тажрыйбасы да аз. Эми ушундай кадр коңшу өлкөдөгү 100 миң мигранттыбызды ойломок беле?

Булак: Азия News гезити

Последние новости