www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовдун "республикачы" депутат, саясаттан "безип" жүргөн Бабановдун көздөй досу Руслан Казакбаевди "мурунку чекист" атай коем деп аны коомчулуктун күбүр-шыбырына кабылтты. Ал гана эмес Казакбаевди учурда өзүнүн жанында эле жүргөн кесиптештери "шексинип башкача көз караштар менен карашууда" деген тамаша-чыны аралаш кептер кетти.
Бул учурда депутат Руслан Казакбаев айрым маалымат каражаттары аркылуу "Токон Мамытов эмнеге антип айтканын түшүнбөйм. УКМК менен Тышкы иштер министрлиги иш боюнча бири-бири менен тыгыз байланышкан. Ошол себептен мени "чекист-кесиптеш" деп айтты окшойт" дегендей актанууга өттү.
Депутатты "мурунку чекист" атаган акыйкатчы Токон Мамытов андан өтүп айткан сөзүн өзүнчө эле чечмелөө менен убара.
Акыйкатчынын "тилин тиштеп" чечмелөөсүнө карасак, ТИМ менен УКМК СССР мезгилинен бери эгиздердей, экөөнүн тең негизги алек болчу иши - маалымат. Ал гана эмес журналисттер да жогорку "эгиздердин" иниси болуп кетет экен. Мурунку Тышкы иштер министри, азыркы депутат Руслан Казакбаев мурда-кийин Улуттук коопсуздук кызматта иштебептир.
Ай ким билет, ким билет...
Булак: NazarNews.kg