www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз биримдиги» диаспорасынын президенти Абдыганы Шакиров, Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаровго, КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге, ЖК төрагасы Талант Мамытовго чукул Кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:

Азыркы күндө Москва, Москва областында 650-700 миңдин тегерегинде Кыргыз Республикасынан келип эмгектенип жаткан элибиз жашайт. «Кыргыз биримдиги» коомдук уюмуна ушул жашаган элдин болжол менен 70-80%ти кирет десек жаңылышпайбыз. Биздин коомго 36 райондук жана шаардык коомдук уюмдун төрага төрайымдары мүчө болуп кирип мекендештерибиздин көйгөйлүү маселелерин чогуу чечүүнүн үстүндө үзүрлүү эмгектенип келе жатышат.

Ушул жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ыйгарым укуктуу элчиси Гулнара-Клара Саматын РФнын тышкы иштер министирлигине жазган арызынын негизинде «Кыргыз биримдиги» коомдук уюмунун президенти А.А Шакировду ФСБ кызматкерлери жолугушууга чакырышты. Жолугушунун себеби төмөндөгүдөй болуп чыкты: «Кыргыз биримдиги» коомдук уюмунун президенти А.А Шакиров, президенттин кеңешчиси Т. Орозбаев, «элчи Гулнара-Клара Саматтын иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып жатат» деп арызда жазылыптыр.

Биздин коомдун мүчөлөрүн мынтип айыптоого эч кандай негиз жок, урматтуу Садыр Нургожоевич. Бул фактыларды тастыктоо үчүн жолугушууда биз тараптан толук баяндама берилди.

Ал төмөнкүчө:

Элчи Г.К Самат жумушка дайындалып келген күнү президент А. Шакировду жана кеңешчиси Т.Орозбаевди чакырды. Кабинетине эң биринчи кадамды чогуу таштоо максатын айтты. Г.К.-Самат 2001-жылы «Кыргыз биримдигинин» уставын жазып, учредитель болгондугун билдирди. Бул жолугушууда мындан ары чогуу иш алып барып, элдин көйгөйүн чогуу чечип, Кыргызстаныбызга чоң салым кошобуз деп сүйлөшүлгөн болчу. Убакыт таап правление мүчөлөрүн жана төрага төрайымдарды кабыл алууну макулдаштык.

Андан кийин арадан бир айдай убакыт өттү, таанышуу иретинде кабыл алган жок, андан кийин дагы Т.Орозбаев менен болгон жолугушууда, «Сочиге Президентибиз С.Н Жапаров келет мен 14 күн пандемияга байланыштуу изоляцияда болом жолугушуу буткөндөн кийин кабыл алам» деп убада берди, ал да өттү, жолугушуу болгон жок.

Андан сон, «Питерге барам андан ары Кыргызстанга Москва шаарындагы Фуд Ситинин ээлерин Президент С.Н Жапаров менен жолугуштурам чон инвестиция алып барам андан кийин жолугам» деп айтор, 7 айдан бери элге убада берип, бирок убадасына турбай келе жатат. Жетекчи катары, ар бир элчи менен болгон сөздү коомдун жыйынында правление мүчөлөрүнө жана терага төрайымдарга жеткирип турдук.

Мындай мамиледен кийин официалдуу түрдө (14.07.21, тиркелме №1) Г.-К.Саматка кат менен кайрылууну туура көрдүк, ал катка 1 айдан кийин жооп берди (тиркелме №2), анда «убакытка карап кабыл алам каралуучу маселелерди жазып койгула» деген жооп алдык. Кайрадан кат жаздык (11.08.21, тиркелме №3), элди кызыктырган суроолорду тизмектеп. Андан бери да бир ай убакыт өттү жолугушуу боюнча жооп жок - деп РФ нын ФСБ нын кызматкерлерине жооп бердик.

Кыскасы элдин көйгөйү элчи Г.-К. Саматты кызыктырбаганын байкадык. Ушул жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата маареке өткөрдүк, ага да ар түрдүү шылтоолорду айтып келген жок, элчи айымга Кыргызстандын эгемендүүлүгү да кызыктырбайт экен. Келип 5 минут элге кайрылуу жасаганга да жарабады. Элчи айымдын дипломатиялык тажрыйбасы жок, эл аралык мыйзамдарды билбегендигин көрсөттү. «Венская конвенция о дипломатического сношения» 1-глава 3-статья-аккредитация болгон өлкөдө жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо дипломаттын милдети деп жазылып турат жана «Венская конвенция консульского сношения» 1-глава 5-статья-аккредитация болгон өлкөде жарандардын кызыкчылыгын жана укугун коргоо консулдардын милдети болуп саналат.

Элчи Г.-К. Самат өз жарандарынын үстүнөн арыз жазгандыгы жана күч органдарына салып бергендиги бул дүнүйө жүзүндөгү тышкы саясатта болуп көрбөгөндөй катачылык кетирди жана Кыргыз мамилекетин уят кылды. Ошол себептерден, урматтуу Руслан Айтбаевич, Сизди жогоруда жазылган фактыларга туура саясый баа бересиз деп ишенебиз.

Сизди урматтоо менен «Кыргыз биримдиги» диаспорасынын президенти Шакиров А.А.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости