www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СССРдин убагында азыркыдай өздүк жүздү тастыктаган паспорт жок, бир гана адам келип он чакты адам үчүн добуш берген учур болгон. Ал кезде ким депутат болсун деп жогортодон чечип коюшкан. Ал менен эч ким талашып да жүрчү эмес, депутат болсо болсун деп койчу. Азыркы депутатка талапкерлердин шайлоо алдындагы сөздөрүн уккан адам булар бийликке келгиси келип турганын гана аныктайт. Тарыхты карап көрсөк күчтүү депутаттар 1995-2005-жылдары жарышка аттангандар окшойт. Ал кезде эң сабаттуу адамдар гана депутат болууга умтулган. Анткени кармаш катуу болгон. Азыр сабаттуулук акыркы орунда, эң биринчи орунда эптеп парламентке келиш керек болуп калыптыр. 1995-жылы Жогорку Кеңешке Идинов Кубанычбек депутат болууга аттанат. Ал мезгилде трайбализм чегине жетип турган. Парламент эки палаталуу болуп турган, эл өкүлдөр жыйынына мурунку Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев талапкердигин коюп,ченемсиз добуш менен депутаттыкка келет.
Турдакун Усубалиев чейрек кылым Кыргызстандын компартиясын жетектеп турган. Ошондуктан, ал тууралуу атаандаштары иликтегендей көп нерсени табууга болот. Усубалиев КПСС Борбордук комитетинин мүчөсү болуп турганда эки жолку Социалисттик эмгектин баатыры, 1959-жылдан 1983-жылга чейин Өзбекстан компартиясынын биринчи катчысы Шараф Рашидов КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросуна мүчөлүгүнө талапкер болуп турган. Ал кезде мамлекетти Саясий бюро чечип турган. Ошондуктан, Шараф Рашидовдун айткан сөзү Усубалиевге караганда Саясий бюродо айтылып турган. Ал кезде Өзбекстандын пахтасы СССРдин экономикасында чоң роль ойноп турган. Кийин гана Өзбекстан Орусиянын пахта заводдоруна пахтаны кагаз жүзүндө гана жиберип турганы билинип, чоң коррупциялык схемалар ачылган. Шараф Рашидов КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросуна Өзбекстанда пахталарды сугаруу үчүн суу жетпей жатканын, эгер Кыргызстандагы Соң-Көл көлүн пахта талааларына бура турган болсо суу көбөйөрүн, суу көбөйсө Өзбекстанда пахта аянттары да көбөйүп, көбүрөөк пахта алынарын айткан.
Ал кезде Турдакун Усубалиев КПСС Борбордук комитетинин мүчөсү гана болуп турган. Эгер бул маселени Саясий бюро Шараф Рашидовдун айтканы боюнча чече турган болсо Соң-Көл көлү жер жүзүнөн таптакыр жок болуп, ал жер экологиялык катуу кырсыкка учурамак. Турдакун Усубалиев Шараф Рашидов менен бул маселе боюнча макул болгон эмес. Соң-Көл көлүн сактап калуу үчүн ал кездеги КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросуна мүчөсү, Казакстан компартиясынын биринчи катчысы Динмухаммед Кунаев менен жолугуп, кокус Соң-Көл көлүн пахтаны сугаруу үчүн буруп кете турган болсо канчалык Борбор Азия зыян тартарын түшүндүргөн. КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросунун отурумунда ушул тууралуу каршы чыгып айткан, ал эми аны КПСС Борбордук комитетинин Саясий бюросуна мүчөсү, Казакстан компартиясынын биринчи катчысы Динмухаммед Кунаев колдоп Соң-Көл көлүн пахтаны сугаруу үчүн пайдалануу чечими кабыл алынбай калган.
КПСС Борбордук комитетинин мүчөсү Турдакун Усубалиев биринчи катчылыктан түшкөн соң да саясаттан колун үзгөн эмес. Ал депутат катары легендарлуу парламентке шайланат. Андан соң биринчи парламентке депутат катары аттанат. Эмнегедир анын көңүлү экономист, экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идиновго түшүп калса керек. Кайсы жерге барса да Идинов Кубанычбекти колдоп койгула деп айтып жүрдү. Идинов Кубанычбек биринчиден экономиканы чакса да, экинчиден, элдин көңүлүн көтөрүүнү дурус өздөштүрүп алыптыр. Ал керек кезде куюлуштуруп сөз ыргытып, «Манасты» да жамакташтырып жиберген. Идинов Кубанычбек
1970-жылы КМУну, 1988-жылы Орусия Башкаруу академиясын бүткөн. Анын өмүр баянына терең карагандар 1972—1980-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясында илимий кызматкер, комсомол комитетинин катчысы катары ал кездеги президент Аскар Акаев менен кошо омуралашып жүргөнүн шекшийт. Идинов Кубанычбек 1980—1986-жылдары Акаев Аскар Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы болгондо, ушул эле жерде инструктор, сектор башчысы, айыл чарба бөлүмүнүнүн башчысы болгон. Ал эми кийин өкмөт башчысы болгон Насирдин Исанов мындай жигиттерди колдон чыгарбай 1986—1990-жылдары Ысык –Көл обкомунун аткаруу комитетин тейлеп турганда, Ысык-Көл райондук аткаруу комитетинин төрагасы болушуна тилектеш болгон. Насирдин Исанов Кыргыз мамлекетине өкмөт башчы болгон соң, Идинов Кубанычбекти 1990—1992-жылдары Нарын облустук Кеңешинин төрагасынын орун басар болушун сунуштап кетет. 1992-жылдан Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык туруктуу комиссиянын төрагасы болгон. 1993-жылдан Жогорку Кеңештин контролдоо палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 1997-жылдан экология, туризм жана спорт боюнча комитеттин төрагасы болуп «Кумтөргө» эң биринчи сөөмөйүн кезегендердин бири. Депутат болсо да жөн жүрбөй 50дөн ашык илимий эмгектин автору болгон. Эл аралык университеттин профессору. Мына ушундай оозунан сөз, колунан иш келген адамдар гана депутаттыкка умтулган. Азыр болсо «а» десе, «б»деген адамдар деле депутаттыкка умтулуп жатат. Булар өз көйгөйүн чечишеби же мамлекеттин көйгөйүн чечишеби ким билет?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg