www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы шаарларды жакын арада суу жутуп кетет?

Күн жылыгандан жылып алааматтар башталганы турат. Климаттын өзгөрүшү аба-ырайына чоң таасир этип жатат, кыш быйыл жылуу болбой өзгөрүп суукка айлана турганы тууралуу жана жакынкы он жылда кайсы алты шаар океандын алдына толук калары тууралуу маалыматтар The India Times интернет-басылмасында жарыя кылынды, «NazarNews.kg» ушундан которуп жарыялоону чечтик. Океандын жээгинде жайгашкан Нидерландыдагы эң чоң шаар Амстердам эң биринчилерден болуп суу алдында калары бул бештен белгилүү. Анткени ал шаар деңиз деңгээлинен ылдый жайланып азыр да дамбалар аркылуу тосулуп турат. Экинчи орунда Шатт-эль-Араб дарыясындын жээгинде жайгашкан Ирактын Басра шаары, бул шаар саздак жерлер менен курчалган.  АКШнын Луизиана штатындагы Жаңы Орлеан шаары дамбалар менен курчалганына карабастан суу алдына калат. Италиядагы Венеция жыл сайын 2 мм төмөндөп баратат бул төртүнчү орунда чөгөт. Андан соң Вьетнамдын түштүгүндө жайгашкан Хошимин шаары. Алтыняы суу алдында кала турган шаар индиянын Калькутта шаары.

The India Times интернет-басылмасынын эскерткенине караганда: келе жаткан кыш акыркы 100 жылдан берки эң катаал жана узак жыл болушу мүмкүн.  Быйылкы суук бир гана Кыргызстанда катаал болбойт, бардык жер жүзүндө оор болот. Прогнозду алдын-ала билишкен соң, европалыктар кышка даярдана баштады. Окумуштуулардын айтуусунда, ушул кыш бүткөн соң климаттык шарттардын эсебин кайрадан эсептей баштайбыз.  Суук ноябрда эле түшүп, декабрда абдан күчөп, өтө катуу сууктар башталат. Эч качан кар жаабаган жерлерде да кар жаай баштайт. Европа мындай кышты көптөн бери көргөн эмес. Белгилүү европалык  метеоролог Джеймс Мэдден Европанын жашоочулары үчүн жылуу күндөр менен мемиреп жыргалга батуу аз эле калды деп билдирет. Жакында билинбей туруп суук өз кучагына ала баштайт. Адистин айтуусунда жылуу кийим-кечелерди камдап жана үйлөрдү жылууланууну колго ала башташ керек. Биздин синоптиктер европалык кесиптештерин айткандарына миң мертебе кошулат. Андан тышкары кыш бир гана өтө суук болбостон, узакка созулуп кетиши күтүлөт. Бул Тынч океанда суунун градусу бир градустан ашык жылып кеткенине байланыштуу. Бул өтө олуттуу өзгөрүүлөр эмес дегендерге кеңеш, чындыгында мындай жылууланып кетүү Европанын үстүнө муздак арктикалык аба массасын айдап келиши мүмкүн.  Демек, кыш ноябрда башталып апрелге чейин кармалып турат. Азыркы суук өтө сууктун белгиси эместей көрүнөт. Сиз мындай катуу суукка кандай камылга көрүп жатасыз? Кышка өтө аз убакыт калды...

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости