www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайын атасынан кордук көрүп, түрдүү зордук-зомбулуктарга дуушар болгон келиндер Bilesinbi.kg. порталына көп кайрылат. Келип түшкөн бир нече окуяларды баяндап (анонимдүүлүк сакталды), адистердин кеңешин сунуштайбыз.

Баламдын көзүнчө зордуктады

Күйөөм ичет. Өзүбүз кайын ата, кайын энемден бөлүнүп пансионатка көчүп кеткенбиз. Ал жерде бизге окшогон бирин-серин түтүн жашайт. Бир жолу күйөөм аябай мас болуп келип, кошуналарга жабыштырып катуу сабады. Ушунча бук болуп кайындарымдан үйүнө барып ыйлап, арыздансам кайын энем мени күнөөлөдү, кайын атам болсо унчуккан жок. Мага боору ооругансып, "кел эми ыйлаба үйгө жеткизип салайын" деп машинасына отургузуп, 2 жаштагы балам менен үйгө алып барды. “Үйгө киргенден кийин, келин чай койчу”, - деп айтты. Чай коюп жатсам артыман келип колдорумду катуу бууп, 2 жаштагы баламдын көзүнчө зордуктап салды. Ишин бүтүрүп, эч нерсе болбогондой үйүнө кетип калды. Бул иш дагы бир ирет кайталанды. Ал маалда кайын энем кирип келип калып, мени аябай сабап, балам экөөбүздү кошуп эшикке кууп чыкты. Үйгө барсам ата -энеме чалып айтып коюптур. Аларда кабыл алган жок. Ошентип 3 жылдын тегереги болду. Азыр Бишкекте тигүүчү болуп иштейм. Баарын эстесем эле өлгүм келет. Сураныч жардам бергилечи эмне кылам?

Кайын атама жолдошум салып берди

Чынында бул нерсени сиздерге айтуунун кереги жок болчу. Бирок чыдай албадым. Ансыз деле жүрөк оору көп. Менин күйөөм ичет, жумушу жок. Кайын энем каза болуп калган, кайын атам менен чогуу турабыз. Ортодо балабыз жок. Бир күнү сыртта кир жууп жатсам кайын атам келип тийишти. Билмексен болуп, сыртка чыгып кеттим. Ал күнү жолдошум ичип келди. Баарын айтып берсем, “бир берип койбойт белең, короп калмак беле” деп оозумду ачырды. Үйүмө кетип калдым. Ажырашып кеттик. Ушул күнгө чейин уккан кулагыма ишенбей келем.

Кайын атам тийише берет

Саламатсыздарбы, сиздерден кеңеш күтөм. Кайын атам, кайын энемдер менен турабыз. Күйөөм көп ичет. Үйгө эс учун жоготуп коюп келет. Бир күнү дагы ичип келип уктап калган, кир жууп олтурсам кайын атам жаныма келип тийише баштады. Дайым мени башкача көз караш менен карайт.  Кээде атайын денеме колун тийгизип өтөт. Зордуктап коёбу деп корком. Ал чоң киши. Эмне кылсам болот? Мен ага эч кандай “повод” берген эмесмин.

Кайын атам чечингенимди эле күтүп турат

Кайын журтум жакшы турат. Убагында кайын атам чоң-чоң кызматтарда иштеген. Азыр эмгек өргүүдө. Жолдошум жалгыз баласы. Биз өзүнчө айылда турабыз. Кээде шаарга келгенде алардын үйүндө жашап калабыз. 3 балабыз бар. Мен кайын атамдан корком. Дайым мени башкача көз караш менен карайт. Бир күнү кайын журтум неберелерди сагындык дегенинен балдарымды алып шаарга келдим. Күйөөм жумушуна байланыштуу айылда калган. Жай болчу. Күн ысык болгондуктан, кечинде ич кийимчен жатып алгам. Экинчи кабатта уктап жатканбыз. Эшик бек болчу. Бир маалда кайын атам эшикти ачып, мени бир саамга тиктеп, кайра жаап чыгып кетип калды. Дагы жакшы жанымда балдар бар эле. Бул тууралуу жолдошума айткандан уялам. Эмне кылсам болот?

Кайын агам зордуктаган

Мурунку жолдошум экөөбүздүн ортобузда 3 бала бар. Айылдагы элдердин малын багып, жайлоого чыкчубуз. Күздө, кышта кашарда болобуз. Бир күнү жолдошум айылга азык-түлүккө кеткенде, кайын агам келди. Чайын берип, балдарымды жаткырып коюп жатсам, кайын агам келип мени зордуктап салды. Жолдошума баарын айтып, мындан ары жашай албастыгымды билдирип, кетип калдым. Шаарга келип жумуш таап иштеп, батирге чыгып, айылдан балдарымды алып кеттим. Азыр жаңы турмуш кургам, балабыз бар. Мурунку жолдошум да үйлөндү. Байкеси каза болуп калыптыр.  

Тамара Воронцова, психолог

Эмне үчүн кайын ата келинине көңүл буруунун жышаандарын көрсөтүп, асыла баштайт?

Негизги себептерин карап көрөлү.

Келин үйдө ачык кийинип, ачык макияж жасап жүрөт, кумардантуучу позаларды жасайт ж.б.

Келин жөн гана жаңы үй-бүлөгө жагуунун аракетин көрөт, бирок анын иш-аракеттерин туура эмес түшүнүшөт.

Келин өзүн эрежелерге ылайык алып жүрөт, болгону кайын атасы бузуку адам.

Кайын атанын жашы 40тан баштала турганын унутпайлы, үйдөн жаш, сулуу, активдүү кызды көрүү ар бир эркек үчүн кумар болуп саналат.

Кайын ата асылып жатса эмне кылса болот? Күйөөгө же башка туугандарга айтуу керекпи?

Эч качан антпеңиз! Сиз видеокамера коюп, анын аракеттерин ырастаган күндө да, абдан чоң чатак болот, бизде ар дайым аял күнөөлүү, алардын үй-бүлө бузулбайт, сиздин нике аяктайт. Алардын дагы, сиздин дагы үй-бүлөдө эч качан тынчтык болбойт.

Эң жакшы чечим - өзүнчө жашоо! Салт - бул жакшы, бирок, 21-кылымга жакшы жана пайдалуу салтты алуу керек. Ата-эне 70-80 жашка чыгып, жардамга муктаж болгондо, алар менен жашаса болот. Болбоду дегенде жаштар жаңы баш кошкон биринчи жылында өзүнчө жашаганы жакшы, ата-энелер “эл эмне дейт” дегенден коркпошу керек, анткени, балдар бакыты баарынан артык жана кымбат.

Бөлөк жашоого умтулуу керек жана бул маселени үйлөнгөнгө чейин талкуулап алса жакшы болот.

Күйөөсү аялын баардык тараптан, эмоционалдык, физикалык, жадакалса туугандарынан дагы коргоп турушу керек. Бул чындык.

Дагы бир эскирген салт – келинди үйгө бекитип жана аны эч жакка чыгарбай коюу. Кыз билим алган, өнүккөн жана өзүн-өзү сыйлоого тиешелүү баардык сапаттарга ээ  дейли. Бул учурда, убакыттын өтүшү менен анын жүзөгө ашырылбаган энергиясы, эркек менен никени жок кылат. Муну практика көрсөтүүдө.

Кайын атасы, күйөөсүнүн байкеси же анын досу, кошунасы тийишсе - бул маселени тынч жол менен чечүүгө мүмкүн. Бир чечим кабыл алганга чейин, психологго келип, жагдайга туура келген чечим тандаңыз. Курбуларыңыз жана туугандарыңыз менен талкуулабаңыз, мындай учурда айыптоого жана ушакка жүз пайыз кепилдик бар!

Баардык кыздарга мындай көйгөйдөн алыс болуусун каалайм!

Гүлбарчын Жумабаева, никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт

Саламатсызбы окурман! Азаматсыз, туура эмес аракеттерди, зомбулукту ушинтип ачык айтып сурап, кайрылуу керек. "Ооруну жашырса, өлүм ашкерелейт" дейт. Ар бир аял бактылуу болгонго татыктуу.

Күйөөңүз ичсе, кайын атаңыздын мамилеси шектүү болуп жатса, өзүңүздүн ал үйдөгү ордуңуз жөнүндө ойлондуңузбу? Азыр сиз жашсыз, ден-соолугуңуз бар, алардан кетип, иштеп, өз алдынча материалдык жактан көз карандысыз болуп жашоого мүмкүнчүлүк бар да, чынбы? Мас адам бир күнү талуу жерге чапса эмне болот, кайын атаңыз арам оюн ишке ашырса кандай болот?

Тезинен чечим кабыл алышыңызга тилектешмин. Күчтүү болуңуз, өзүңүздүн коопсуздугуңузду, келечегиңизди ойлонуңуз. Алгач кыйналасыз, анан көз карандысыз болуп жакшы жашап кетесиз. Келечекте балким чыныгы таяныч болгон өмүрлүк жолдош болуучу адамды жолуктурасыз.

Булак: "Bilesinbi.kg"

Последние новости