www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партиянын төрагасы Жеңиш Молдакматов “Замандаш” саясий партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого жаңы программа менен бара турганын жарыялады.

“Азаттык” радиосуна курган маегинде Молдакматов саясий айдыңдагы “Замандаш” азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жакын адамдарынан куралган партия болот” деген сөздөргө мындай жооп берди.

- Албетте шайлоо учурунда Сооронбай Шариповичке ишенимдүү адам болгонум үчүн азыр байланыштырып жатышат. Бирок анын партияга тиешеси жок. Анын үстүнө партиянын саясий кеңеши бардык маселени чечет. Азыркы парламентте мурунку президенттин жакын адамы тизмесин түзүп, шайлоого үч ай калганда пайда болгон партиялар бар. Ага салыштырмалуу “Замандаш” он жылдан ашык тарыхы менен белгилүү.

26-октябрь күнү “Замандаш” партиясы “Келечек 4.0” аталыштагы программасын коомчулукка тартуулады. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий, коомдук ишмерлер жана журналисттер катышты. “Келечек 4.0” программасында дүйнөдөгү экономика, сөз эркиндиги, заманбап технологиялар тармагындагы бардык тенденциялар эске алынганы маалымдалат.

“Замандаш” саясий партиясын ишкер, маркум Мухтар Өмүракунов түптөгөн. Партия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого бир нече жолу катышкан. "Замандаш" саясий партиясы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп чыккан.

Булак: "Азаттык"

Последние новости