www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДПнын Бишкек шаары боюнча жыйыны өтүп, ага Атамбаев өзү келген. Жыйын өтүп, акырында депутат Ирина Карамушкинаны Бишкек шаарына жоопкер кылып дайындашкан.

Бирок, Атамбаев катышкан КСДПнын Бишкек шаары боюнча жыйынына болгону 42 гана адам катышыптыр. Бул партиянын чын эле аброю төгүлүп бүткөн го. Ушул партия менен агарган көгөргөндөр азыр чакырса алыс айланып, караанын көрсөтпөй качып жүрүшөт.

Марат Аманкулов деген парламенттин депутаты бар, Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин бири катары сыпатталып жүрчү. Өткөндөгү Бишкек шаардык жыйынга чакырса, кол шилтеп барбай коюптур. Аманкулов Атамбаевге азуусун көрсөтүп жаткан соң, калгандары баш ийип беришмек беле.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости