www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тимур Файзиев мыкты курулушчу, жоопкерчиликтүү жигит», - деди бүгүн, 17-январда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Кайып Шер.

- Асман шаарын куруу боюнча дирекция түзүлүп, аны Тимур Файзиев жетектемей болду. Коомчулукта Файзиев тууралуу оң, тескери пикирлер айтылып баштады. Президент бул жерден калпыстыкка жол берип койгон жокпу?

- Садыр Жапаровдун Асман шаарын куруу иш аракети элдин бийликке болгон үмүтүн, ишеничин арттырды. Ал проектини Тимур Файзиевдин жетектөөсү туура чечим болду деген ойдомун. Анткени, Тимур Файзиев мыкты курулушчу, жоопкерчиликтүү жигит.

- Президенттин лыжа тээп жүргөн ролиги Анкаранын көчөлөрүндөгү LED-экрандан көрсөтүлгөндөн кийин түрк телеканалдарынан Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу көрсөтүүлөрдү бере башташыптыр.  Президенттин лыжа тепкени кышкы туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымыбы?

- Жаңы жылга удаалаш президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы кышкы туризмди өзү баш болуп, пиарлап турганы туризмдин өнүп өсүшүнө жакшы өбөлгө болуп бермекчи. Бу аракети алкоого алаарлык иш.

Ал эми айрым атуулдардын жыра тартып, кийим кечесине чейин сынга алганы чыны менен уят иш. Андан көрө мамлекеттин казынасын туризм менен толтурууну да жолго салышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости